Борбордук Азиянын кооптонуусуна себеп барбы?

Өткөн аптада “Талибан” кыймылынын согушкерлери өкмөттүк аскерлердин кийимин кийип алып, Афганистан Куралдуу күчтөрүнүн өлкө түндүгүндөгү эң ири аскердик бөлүгүнө кол салды Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Acкердик маселелер боюнча эл аралык талдоочулардын баамында, Афганистандагы акыркы кандуу чабуул “Талибандын” бул чөлкөмдөгү аракети болжолдоого караганда алда канча күчтүү экенин көрсөткөндөй. Би-Би-Си Өзбек кызматынын продюсери Феруза Рахмонованын макаласы.

Өткөн аптада “Талибан” кыймылынын согушкерлери өкмөттүк аскерлердин кийимин кийип алып, Афганистан Куралдуу күчтөрүнүн өлкө түндүгүндөгү эң ири аскердик бөлүгүнө кол салды. Анда жүздөн ашык афган аскери курман болуп, дагы ондогон аскер жараланды.

Кол салуудан кийин Афганистандын Коргоо министри жана Башкы штабдын жетекчиси отставкага кетти. Мындай окуя буга чейин болгон эмес эле деп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу courtesy

Acкердик маселелер боюнча серепчилердин айтымында, “Талибан” күчтөрү бул жылдын жаз айларындагы иш-аракеттери жөнүндө эч нерсе деп айта электе эле ушундай чабуул жасалып кетти.

“АКШга окшогон өлкөлөр өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун күчтөнүп жатканына тынчсызданып келет. Өткөн аптадагы чабуул – “Талибан” кыймылынын бүгүнкү кудуретин көрсөттү. Биз азыр апрель айы экенин эске алышыбыз керек”, -деди Би-Би-Сиге аскер иштер боюнча Лондондогу серепчи Пол Рожерс.

Кабатырлануулар

“Талибан” күчтөрү менен өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун улам күчтөнүп баратканынан улам бул Борбор Азия мамлекеттерин гана эмес, Орусиянын да тынчсызданууларын жаратууда. Президент Владимир Путин бул тууралуу көп жолу кайрылууларды жасап келди, а түгүл расмий Кабулга жардам берүү тууралуу да сунуштарын билдирген эле.

“Талибан” кыймылы Афганистандын түштүк жана чыгышында чоң күчкө ээ деп айтылып келген. Акыркы чабуул болсо алардын башка региондорго да кирип бара ала турганын көрсөттү. Дегеним, бүгүнкү күндө Афганистан түндүгүндөгү "Талибан" болжолдоого караганда алда канча күчтүү экенин далилдеди”,- дейт Пол Рожерс.

Сүрөттүн автордук укугу courtesy

“Талибан” кыймылынын Орусия үчүн мааниси

Франциялык саясий серепчи Камолиддин Раббимов “Талибан” кыймылы Орусия үчүн кандай мааниге ээ экенине токтолду:

“Жалпысынан алганда, “Талибан” күчтөрүнүн иш-аракеттери расмий Москвага пайда алып келет деген сөздөр бар. Бирок муну Орусия расмий түрдө моюнга албайт. Менин билишимче, Орусиянын “Талибан” кыймылынын тегерегиндеги “бир нече кабаттуу” стратегиясы бар жана “Талибан” алар үчүн курал катары эсептелет”.

Раббимов кошумчалагандай, “Талибандардын” мындан кийинки ар кандай иш-аракети Орусияны чочутпай калышы мүмкүн:

“Талибан” сыяктуу уюмдардын иштери батышка канчалык кыйынчылык жаратса, батыштын расмий Москвага болгон муктаждыгы ошончолук артып барышы мүмкүн”.

Тема боюнча башка макалалар