АКШ аскерий жетекчиси Борбор Азияга эмне үчүн келди?

Расмий Ташкенттин билдирүүсүнө караганда, Жозеф Вотел Афганистандагы азыркы кырдаалга өзгөчө басым жасады. Сүрөттүн автордук укугу Wikipedia

25-апрелде АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жозеф Вотел Өзбекстанга келип, өлкөнүн Коргоо министри менен жолугушту. Расмий Ташкенттин билдирүүсүнө караганда, Жозеф Вотел Афганистандагы азыркы кырдаалга өзгөчө басым жасады. АКШнын аскерий жетекчисинин Ташкентке сапары өткөн аптада Афганистандагы аскер базасына талибдердин кол салган учуруна туш келүүдө. Би-Би-Си Өзбек кызматынын продюсери Феруза Рахмонованын макаласы.

Саясий серепчилердин баамында, АКШ куралдуу күчтөрүнүн жетекчилеринин Өзбекстан жана Тажикстанга сапары батыштын Афганистандагы соңку кырдаал боюнча кыйла тынчсызданып жатканын билдирет.

Өткөн аптада “Талибан” кыймылынын согушкерлери өкмөттүк аскерлердин кийимин кийип алып, Афганистан Куралдуу күчтөрүнүн өлкө түндүгүндөгү эң ири аскердик бөлүгүнө кол салды. Анда жүздөн ашык афган аскери курман болуп, дагы ондогон аскер жараланды. Кол салуудан кийин Афганистандын Коргоо министри жана Башкы штабдын жетекчиси отставкага кетти.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Дагы бир иш сапар

Афганистандагы соңку окуядан үч күн өткөндөн кийин АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис Афганистан борбору Кабулга иш сапары менен келди. Жеймс Мэттис менен бирге Кабулда маалымат каражаттарына ой бөлүшкөн Афганистандагы америкалык күчтөрдүн командири, генерал Жон Николсон талибдердин аракети жаңы баскычка чыкканын көрсөттү деп айтты.

АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жозеф Вотелдин Борбор Азияга сапары болсо Жеймс Мэттистин Кабулга келген учурунан бир күн өтүп болуп отурат.

Талибдердин чабуулу боюнча Ташкент расмий билдирүү жасаган жок:

“Кийлигишүүнүн эки тарабы бар: биринчиси, Афганистандагы талибдердин күчтөнүп баратышы. Экинчиси болсо, Афганистан тегерегиндеги геосаясий атаандаштыктын башка бир өткүр формага өтүп баратканы”, -деди Жозеф Леонард Вотелдин Борбор Азия сапарына баа берип жаткан франциялык саясий серепчи Камолиддин Раббимов.

Ал ортодо генерал Жон Николсон “Москванын талибдерди курал-жарак менен камсыздап жатканы жөнүндөгү кабарларды четке какпай” турганын билдирди.

Расмий Москва болсо АКШ генералынын бул сөзүнө дароо жооп менен чыгып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул билдирүүнү негизсиз деп атады.

Сүрөттүн автордук укугу courtesy

Геосаясий оюндар

“2001-жылдан тартып биринчи он жылдыкта Афганистанга тиешелүү толук кандуу жоопкерчилик негизинен батыш жана Пакистандын моюнунда болсо, соңку учурларда Орусия, Иран жана Кытайдын Афганистан иштерине аралашуусу, алардын өз позиция жана стратегиясына ээ болушу – Афганистан тегерегинде батыш элестеткендей тынчтык стратегиясын кыйла өзгөртүп жатат дей алабыз”, -деди серепчи Камолиддин Раббимов.

Орусиянын Афганистанда “активдешүүсүн”, “Талибан” күчтөрү менен “жакындашып”, аларга “курал-жарак жеткирип берип жатканын” айткан, афган топурактарында аскерлерин көбөйтүүнү максат кылган АКШнын билдирүүлөрүнө борборазиялык бир дагы мамлекет өзүнүн позициясын билдирген жок.