Македонияда митингчилер парламентке бастырып кирди

Социал-демократтар партиясынын лидери Зоран Заев имаратка митингчилер жулунуп кирген учурда жаракат алган. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Социал-демократтар партиясынын лидери Зоран Заев имаратка митингчилер жулунуп кирген учурда жаракат алган.

Македониянын баш калаасы Скопьеде демонстранттар парламент имаратына бастырып киришти.

Өлкөнүн премьер-министрлигине негизги талапкерлердин бири социал-демократтар партиясынын лидери Зоран Заев имаратка митингчилер жулунуп кирген учурда жаракат алган.

Митингчилер парламент спикерлигине теги албан Талата Жаферинин шайланышына каршылык билдирип жатышат. Жаферинин талапкерлиги үчүн парламенттеги 120 депутаттын 62си - социал-демократтар жана этникалык албандардын партиясы добуш берген эле. Жафери спикер болуп шайланышы үчүн добуштардын жарымынан көбүн алышы керек эле. Демек бул добуштар жетиштүү болгон.

Парламентке бастырып киргендердин башында "Бирдиктүү Македония үчүн" кыймылы турду. Бул кыймылдагылар өлкөнүн мурдагы премьер-министри Николай Груевскийдин "Македониянын улуттук биримдиги үчүн" демократиялык партиясынын тарапташтары.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Каршылык акциясына чыккандар 200 эле киши. Алгач алар парламент имаратынын фойесине кирип келишип, андан соң жыйын өтө турган жайга бастырып кирип келишкен. Алардын көбүнүн бет кабы бар эле. Окуяга күбө болгондо талкаланган терезелерди, коридордо кандын тактарын көрүшкөнүн айтууда.

Заев башында турган оппозициялык социал-демократтар союзунун депутаттарынан сырткары, теги албан депутат Зиядин Села дагы жаркат алган.

Рейтер агенттиги полиция кулак тундурган граната колдонуп, демонстранттарды таратууга аракет көргөнүн кабарлады. Имараттагы басма сөз борборуна камалып калган депутаттарды полициянын атайын күчтөрү алып чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Имараттагы басма сөз борборуна камалып калган депутаттарды полициянын атайын күчтөрү алып чыкты.

Социал-демократтардын лидери Заев парламентте этникалык албандардын партиясы менен коалиция түзүп, өкмөт түзүүгө аракет кылды. Бирок өлкө Президенти Георге Иванов ага уруксат берген эмес.

Иванов дүйнө лидерлерине ачык кат менен кайрылган. Андагы айтылгандарга караганда, Заевдин социал-демократиялык союзунун платформасын ишке ашырууда албан азчылыгынын кызыкчылыгы жогору коюлуп, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратат деп айтылган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Көпчүлүк митингчилер колдоруна мамлекеттик тууну көтөрүп алышкан.

Парламентте болгон окуядан кийин Иванов элге кайрылуу менен чыкты. Өлкөдөгү ири партиялардын лидерлерин саясый кризистен тынчтык жолу менен чыгуу үчүн ийри олтуруп, түз кеңешүү керек деп чакырды.

Парламентке кол салууну башка өлкөлөр дагы сынга алды. АКШнын Македониядагы элчилиги, муну демократия менен келишкис деп мүнөздөп, пикир келишпестикти чечүүнүн жолу бул эмес деп билдирди. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг "Твиттердеги" баракчасына: "Бардык тараптар демократиялык жаранядарды сыйлоого тийиш. Зомбулук менен эмес диолог менен чечүү керек",-деп белгилеген.

"Парламентте зомбулуктун орду болбошу керек",-деди бул окуяга баа берген Европа Кеңешинин комиссары Йоханнес Хан.

Тектеш темалар