Трамп: Түндүк Корея менен согуштук жаңжал чыгып кетиши мүмкүн

АКШ Президенти Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШ Президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын өзөктүк программасына каршы тирешүүнүн арты олуттуу жаңжалга айланышы мүмкүн дейт. Бирок ал кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө артыкчылык берерин билдирген.

Бул тууралуу Трамп өзүнүн президенттик кызматка киришкенине жүз күн толгондугуна байланыштуу Рейтер агенттигине берген интервьюсунда айткан.

Трамп учуруда өзүнүн администрациясы КЭДРге каршы жаңы экономикалык санкцияларды даярдап жатканын белгилеп, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулабыз дейт.

"Биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү каалаганбыз. Бирок мындай өтө кыйын",-деди Трамп.

Ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин дарегине Түндүк Кореяны ооздуктап турганы үчүн мактоолорду айтты. Трамп президентикке шайлангандан кийин Түндүк Корея маселесинде чечим кабыл албайт деп Кытайдын айыптаганы бар. Бирок бул ирет ал кытайылк кесиптешине жылуу сөздөрдү ыроологон.

Ким Чон Ын жөнүндө айтып жатып Трамп аны өтө эле жаш кезинде мамлекет башына келди деп мүнөздөдү:

"Ал 27 жашта, атасы каза табат, анан режимдин башына келди. Эми десеңер да, бул оңой эмес, өзгөчө ушул куракта",-деди АКШ Президенти.

Соңку айларда Түндүк Кореянын тегерегиндеги кырдаал курчуп кетти. Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Fox News каналына, Кытай кайрадан Түндүк Кореяны кошумча сыноолорду өткөрүүдөн карманууга чакырганын маалымдаган.

Тиллерсон жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги Тышкы иштер министрлери чогулган жыйынды алып барышы толук мүмкүн. Жыйында ал Түндүк Кореяга каршы киргизилген санкцияларды толук ишке ашыруу маселесин алдыга сүрөйт. Бул чаралар "режимге болгон кысымды күчтөндүрөт" деп эсептейт Тиллерсон.

Орусия Президенти Владимир Путин Корей жарым аралында кырдаал курчуп жатканына карабастан Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырган.

Бейшембиде Москвада Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуусунда Путин бардык тараптарды "бири бирин согуш менен коркуткан сөздөрдөн" карманууга үндөдү. (AbA)

Тектеш темалар