Трамп Президент болгон 100 күндө эмнеге үлгүрдү?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамп Президент болгонуна 100 күн толду

АКШ Президенти Дональд Трамп өзүнүн администрациясы күтүлбөгөндөй ийгилик жаратты деп мактанды. Президенттин бул мактанычы канчалык жүйөлүү? Айрым мисалдар менен карап көрөлү.

Президенттин жарлыктары

Шайлоо өнөктүгүнүн алдында берген убадаларынын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Трамп кызматка киришери менен түз эле президенттик көрсөтмөлөр менен чыкты.

Алды менен Транс-Тынч океан келишиминен чыгуу боюнча жарлыкка кол койгон. Жалпысынан алганда Трамп чыгарган жарлыктардын тездиги мурунку лидер Барак Обаманын жарлыктары сыяктуу эле. Бирок 21-апрелден бери Трамп мурунку мамлекет башчысына салыштырганда көбүрөөк жарлыкка кол койгон.

Колдогондордун көрсөткүчү

Дональд Трамп ант берген 20-январдагы көрсөткүч боюнча аны колдогондордун көрсөткүчү эң төмөн деңгээлге түшкөн. Бул буга чейинки президенттердин инаугурация күнүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч болду.

Бирок Трамп бул маалыматтарды жалган деп атап, алдамчылык катары мүнөздөгөн эле. Ал кызматка киришкендин эртеси күнү эле жүз миңдеген кишилер митингге чыгып, ага болгон нааразылыгын билдирди.

Көпчүлүк президенттер өзүнүн башкаруусун колдогондор көп деген рейтинг менен кызматка киришет. Трамп болсо бул тенденцияны сындырды.

Айталы, Жорж Буштун кичүүсү жана Барак Обама кызматка киришкенден кийин апрелдеги рейтинги 60% көрсөткөн болсо, Дональд Трамптын көрсөткүчү 40% деп белгиленген.

Мыйзамсыз миграция менен күрөш

Трамптын эң негизги убадаларынын бири мыйзамсыз миграция менен күрөшүү болду. Иш жүзүндө күрөш чыны менен эле активдешкен белгилер бар, өлкөгө агылган мигранттар саны кыскарды.

АКШ өкмөтүнүн маалыматына караганда Мексика менен чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр саны январда соңку 17 жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшкөн.

Президент Трамптын мыйзамсыз миграцияга каршы көргөн чаралары тездик менен радикалдуу өзгөрүүгө алып келди деп айтылат Чек ара жана бажы көзөмөл агенттигинин билдирүүсүндө.

Жумуш орундарын түзүү

2009-жылы Барак Обама мамлекет башына келген учурда АКШ 1930-жылдардан берки өндүрүш аксап, экономиканын өсүүсү жайлаган, терең рецессияны башынан кечирип жаткан.

Обама Президент болгон алгачкы айда американын экономикасы дагы 800 миң жумуш ордунан айрылган.

Төмөндөө бир топ убакытка чейин жүрдү. Бирок андан кийин жумуш орундарынын өсүүсү тездеди.

Мартта жарыяланган статистика боюнча эмгек базарында февралда эле 235 миң жаңы жумуш орду түзүлгөн. Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер бул америкалык жумушчулар үчүн эң жагымдуу жаңылык деп атады.

Трамп президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда шайлоочуларга 10 жыл ичинде 25 млн жумуш ордун түзүү убадасын берген.

Фондулук рынок

Президент Трамп фондулук рыноктун динамикасын ишкер чөйрөдөгү оптимизмге тартылууну күбөлөйт деп мүнөздөгөн.

Анын президенттигинин биринчи аптасында Dow Jones, S&P 500 жана Nasdaq индекстери рекорддук чекке көтөрүлдү. Трмаптын инфраструктуртуралык долбоорлор боюнча планы, салыктарды төмөндөтүү сунуштары инвесторлордун жигердүү боулшуна таасир этти.

Бирок мартта конгрес саламаттыкты сактоо боюнча республикалык планды кабыл ала алган жок. Ошондой эле салык реформасы боюнча талкуунун кечеңдеди, үч индекстин өсүүсүн жайлап калды.

21-апрелге карата S&P 500 индекси мурунку президенттердин учуруна караганда Трамптын мезгилинде дээрлик туруктуу өсүүсүн көрсөттү.

Саламаттыкты сактоо реформасы

Трамптын шайлоо алдындагы дагы бир убадасы Обаманын уурунда кабыл алынган Obamacare деген ат менен белгилүү саламаттыкты сактоо тармагын реформалоого багытталган мыйзамды өзгөртүү же жокко чыгаруу болчу.

Бул мыйзам 20 миллион америкалыктарга мурда жетпей жүргөн медициналык камсыздандыруу алуусуна жардам бермек. Тактап айтканда, бул мыйзамда жакыр жашагандар медициналык камсыздандыруу мамлекет тарабынан субсидияланат эле. Бирок ошого кабарабастан Республикачылар бул мыйзамды жокко чыгарууга аракет кылып келишкен.

Бирок алардын альтернативалуу планы боюнча эсептөөлөр жарыяланып, эгер кабыл алынса, анда 2026-жылга чейин медициналык камсыздандыруусу жок жарандар санын 24 миллионго чейин өсөрү айтылган. Республикачылардын өзү бул маселеде бир пикирге келе алышкан жок. Ошондуктан мыйзам долбоору жетиштүү добуш жыйнай алган эмес.

Трамп эртеби кечпи баары бир Obamacare ордун алмаштыра турган долбоор иштелип чыгарын айтууда. (AbA)