Индонезияда жашы жетелек кыздардын никеге турушуна каршы фатва чыкты

Чиребон шаарындагы үч күнгө созулган жыйын өлкөдөгү диний ишмердүүлүк жүргүзгөн мусулман аялдарынын алгачкы ири курултайы болуп калды. Сүрөттүн автордук укугу BBC indonesia
Image caption Чиребон шаарындагы үч күнгө созулган жыйын өлкөдөгү диний ишмердүүлүк жүргүзгөн мусулман аялдарынын алгачкы ири курултайы болуп калды.

Индонезиядагы мусулман аялдар Конгресси 18 жашка толо элек кыздардын никеге турушуна каршы фатва чыгарды.

Курултайга чогулган аялдар жергиликтүү өкмөттү никеге тууруу жаш курагын 16 жаш эмес 18 жаш деп белгилөөгө үндөшкөн. Аялдар эртелей турмушка чыгуу индонезиялык кыздардын билим алуусуна тоскоол болуп, ошол эле учурда ажырашуу көп болуп жатканына көңүл бурууда.

Фатва юридикалык күчкө ээ болбогону менен мусулмандар арасында өтө таасирлүү чечим эсептелет. Адатта фатваны Индонезияда бүтүндөй эркек кишилерден турган Уламалар кеңеши чыгарат.

Индонезия мусулмандар саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. 2010-жылдагы эл каттоо учурунда ар бир 10 жашоочунун тогузу өздөрүн мусулманбыз деп көрсөткөн. Аралда жайгашкан бул өлкө ошону менен бирге жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусу боюнча да лидер өлкөлөрдүн бири эсептелет.

БУУнун алдындагы ЮНИСЕФ балдар фондунун эсеби боюнча, ар бир төртүнчү индонезиялык аял 18 жашка чейин турмушка чыккан.

Чиребон шаарындагы үч күнгө созулган жыйын өлкөдөгү диний ишмердүүлүк жүргүзгөн мусулман аялдарынын алгачкы ири курултайы болуп калды.

Исламда аялдардын диний ишмердүүлүк менен алектенишине тыюу салынбайт. Бирок исламдын көп агымдарында аялдардын имам болушуна жол берилген эмес.

Мунун менен Индонезия аялдар арасындагы сабаттуулук боюнча 90 пайыздык көрсөткүчкө жеткенин ЮНЕСКОнун иликтөөсү көрсөткөн.

Бул калкынын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

2001-2004-жылдар аралыгында Индонезиянын президенттик кызматына өлкө тарыхында биринчи жолу аял киши шайланган. Мегавати Сукарнопутри өлкөнүн биринчи мамлекет башчысынын кызы.

Өлкөдө парламенттик шайлоо учурунда партиялык тизмедеги талапкерлердин 30%дан кем эмеси аялдар болушу керек деген мыйзам бар. (AbA)

Тектеш темалар