Япония эң чоң аскер кемесин биринчи жолу чыгарды

2015-жылга чейин Япониянын Конституциясында куралдуу күчтөрдү өлкө сыртында пайдаланууга тыюу салынган болчу.
Image caption 2015-жылга чейин Япониянын Конституциясында куралдуу күчтөрдү өлкө сыртында пайдаланууга тыюу салынган болчу.

Япониянын деңиз күчтөрүнүн ири кемеси Корей жарым аралына жүрүш маалында 'Карл Винсон' учак ташыгычын коштоп жүргөн америкалык кемелерди кайтарууга алат. Бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ролу жөнүндө мыйзам өзгөргөндөн кийинки биринчи операция.

"Идзумо" тик учак ташыгычы азыркы учурда АКШнын Аскердик-дениз күчтөрүнүн кемелерин күйүүчү май жеткирип бараткан кемени кайтарууга коюлат. Бул кеме ишембиде Корей жарым аралынын жээктерине жетип, түштүк кореялык флот менен биргелешкен маневрларды баштады.

Бул операция жарым аралда кырдаал курчуган учурда болуп жатат. Ѳткөн ишембиде Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракетасын учурду.

Тик учак ташыган "Идзумо" кемеси, япониялык басма сөздүн маалыматына караганда, АКШнын Йокосукадагы аскердик базасынан сапар алды. Ал америкалык кеме менен кездешип, аны коштоп Сикоку аралына чейин бармакчы.

Япониялык кемени согуштук операция үчүн колдонуу премьер-министр Синдзо Абэ 2015-жылы кол койгон мыйзамдан кийин биринчи жолу болуп жатат. Аталган мыйзамда Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин биринчи жолу Япония өзүнүн күчтөрүн өлкө сыртында же союздаштардын кызыкчылыгында пайдалана алары жазылган. Бул мыйзам быйыл күчүнө кирди.

Буга чейин Япониянын 1947-жылы кабыл алган Конституциясында өлкөнүн куралдуу күчтөрүн коргоо максатынан башка учурда пайдаланууга тыюу салынган. Япониянын калкы суверендүү элдин укугу катары согуштан биротоло баш тартат' деп жазылган Конституцияда. (KC)