Трамп Ким Чен Ынды бир топ эле акылдуу деп мүнөздөдү

Ким Чен Ын аскердик параддарды кабыл алганды жакшы көрөт.
Image caption Ким Чен Ын аскердик параддарды кабыл алганды жакшы көрөт.

Трамп Си-би-эс телеканалында болгон "Элге карап" программасында берген маегинде Ким Чен Ын жөнүндөгү темага токтолуп, аны жаш курагында келсе дагы бийликти кармап калганын белгиледи.

"Адамдар аны нормалдуубу деп сурашат. Мен билбейм. Ал атасы өлгөндө 26-27де, кыйла эле жаш болгон. Ал кыйын жигиттерге кез болду, генералдар жана башкалар менен иши болду",-деди америкалык президент.

"Жаш экенине карабай, ал бийликти кармап калды. Мен көп адамдар, анын ичинде анын байкеси да бийликти тартып алышка аракет кылды деп ишенем. Бирок ал бийликти колунан чыгарган жок. Ошондуктан аны акылдуу экени көрүнүп турат."

Ким Чен Ындын таякеси Чан Сон Тхэк мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн айыпталып, жээни Түндүк Кореяны башкарып баштагандан эки жылдан кийин, 2013-жылы 67 жашында өлүм жазасына тартылган.

Ага чейин Чан Сон Тхэек өзүнүн бир тууган жээнинин жакын акыл кошчусу катары өлкөдөгү эң таасирлүү адам катары саналчу.

"Шахмат оюну сыяктуу"

Ишембиде Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракетасын учуруп сынады. Түштүк Корея бул сыноо ийгиликсиз аяктаганын, ракета Түндүк Кореянын ичинен жарылганын билдирди.

Президент Трамп Пхеньянга карата АКШнын ыктымал аракеттери жөнүндө айткысы келбей:"бул шахмат оюну сыяктуу, мен эмнени ойлоп жатканым түшүнүктүү болушун каалабайм",-деди.