Минскте биринчи майдагы жүрүштө оппозиция лидери кармалды

Павел Северинец Христиандык-демократиялык партия түзүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption Павел Северинец Христиандык-демократиялык партия түзүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү

Минскте эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүндө бийликтин уруксатысыз өткөн каршылык акциясынан кийин оппозициялык саясатчы Павел Северинец жоголду. Ал шаар борборундагы жүрүштү жетектеди.

Акция бүткөндө ал үйүнө келген эмес. Кайда экенин бир нече саат ичинде үй-бүлөсү жана тилектештери билген эмес.

Саясатчынын жубайы Ольга Северинец кийинчерээк жолдошун убактылуу кармоо жайынан тапканын билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES
Image caption Кыска митинг менен жыйынтыкталган акцияда Биринчи майга тиешелүү чакырыктар жаңырды

Социалдык тармактар менен мамлекеттик эмес беларус ЖМКсы дагы бир оппозициялык активист, акция учурунда от чыгарган Максим Винярский да кармалганын жазууда.

Жүз элүүдөн ашык эмес киши чыккан жүрүш Минсктин борборундагы тартип коргоо кызматкерлери тосуп турган Октябрь аянтынан борбордук көчөдөгү Көз карандысыздык аянтына чейин өткөн.

Кыска митинг менен жыйынтыкталган акцияда Биринчи майга тиешелүү чакырыктар жаңырды. Алар экономикалык эркиндикти, президенттин кетишин талап кылышты.

Алар 25-марттан кийин кармалган активисттерди бошотууну да талап кылышты.

Павел Северинец Христиандык-демократиялык партия түзүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү. (AK)