Венесуэлада оппозиция Мадурону төңкөрүш уюштурууда деп айыптады

Венесуэлада апрелдин башынан тарта өкмөткө каршы демонстрациялар өтүп жатат.
Image caption Венесуэлада апрелдин башынан тарта өкмөткө каршы демонстрациялар өтүп жатат.

Венесуэлада оппозициянын лидери Энрике Каприлес президент Николас Мадуронун жаңы парламент чакырып, ага Конституцияны өзгөртүү укугун берүү жөнүндө чечимин конституциялык төңкөрүш деп атады.

Венесуэлада азыркы Улуттук ассамблеяда көпчүлүк орундар оппозицияга тийиштүү.

Мадуронун айтымында, өкмөттү колдогон жумушчулар жана жарандык коом өкүлдөрү жаңы Улуттук ассамблеянын депутаттары боло алышмак.

Ошондой эле бул кадам саясий кризистен чыгууга жардам бермек, өлкөгө коркунуч туудурган саясатчылардын таасири жоголомк.

Азыркы Улуттук ассамблея президент Мадурого кайрылып, өлкө экономикалык кризисти баштан кечирип атканына байланыштуу анын кызматтан кетишин талап кылган.

Улуттук ассамблеянын төрагасы Хулио Борхес Мадуронун билдирүүсүн венесуэлалыктарды добуш берүү укугунан ажыратуу жана саясий төңкөрүш жасоо аракети деп атады.

Венесуэлада экономикалык кризис курчуп, энергия тартыш болуп, биринчи кезектеги керектүү товарлар жетишпей, гиперинфляция эл аралык уюмдардын баамында 2018-жылы 1660% чыгышы мүмкүн. (KC)

Оппозиция Николас Мадуро менен анын өкмөтү ушуга жеткирди деп жатат.

Президенттин жактоочулары өз кезегинде оппозициялык активисттерди мамлекеттик төңкөрүш уюштурган жатат деп айыпташууда.

Венесуэлада апрелдин башынан тарта өкмөткө каршы демонстрациялар өтүп, кээ учурда полиция менен кагылышууга чейин жетүүдө. Ушундай кагылышуулардын биринде 28 адам набыт болду.