Францияда Ле Пенди плагиатчылыкка айыпташууда

Ашынган оңчулдардын лидери Ле Пен шайлоонун экинчи турунда орточулардын талапкери Эммануель Макрон менен ат салышат.
Image caption Ашынган оңчулдардын лидери Ле Пен шайлоонун экинчи турунда орточулардын талапкери Эммануель Макрон менен ат салышат.

Францияда президенттикке талапкер болуп жаткан ашынган оңчул 'Улуттук Фронттун' лидери Марин Ле Пенди атаандашынын сөзүн уурдап пайдаланды деп айыпташууда. Ле Пендин партиясынын өкүлү бул плагиат болгон эмес деп жооп кайтарды.

Сөздөрдүн окшоштугун биринчи болуп Франциянын ЮТУБдагы сатиралык каналы таап чыкты. Ал видеоролик жасап, Ле Пен менен Фийондун сөздөрү бири-бирине куюп койгондой окшош болуп чыкканын көрсөттү.

Liberation газетасынын билдирүүсүнө караганда, окшош чыккан сүйлөмдөр бир эле эмес, үчөө. Фийондун кайрылуусу сыяктуу эле Ле Пендин сөзүндө дагы чек аралар жана Франциянын коңшулары , ошондой эле өлкөнүн өзүнүн өзгөчө жолу жөнүндө ой толгоолор бар эле.

Андан сырткары, Ле Пен анын шайлоодогу атаандашы сыяктуу эле Жорж Клемансо менен жазуучу Андре Мальронун айткандарынан цитата келтирген.

Ле Пендин партиясынын өкүлү Флориан Филиппо француз телеканалына берген маегинде Ле Пен Фийондун сөзүн атайы кайталап, анын жактоочуларына белги бергиси келген деп билдирди.

Филиппонун айтымында, Ле Пен Фийон саясатчынын сөзүн кайталоо менен анын көз караштарына кошула турганын көрсөткүсү келген деп жатат.

Ашынган оңчул 'Улуттук фронттун' лидери Марин Ле Пен менен ортомчул позициядагы талапкер Эммануэль Макрон шайлоонун биринчи турунда алдыга чыгышкан эле. Экинчи тур келаткан жекшембиде болот.

Макрон Европа Биримдигин реформалоону колдоп жатат. Ле Пен болсо мигранттар үчүн чек араны жабууга, Евробиримдиктен чыгуу үчүн референдум өткөрүүгө чакырууда.

Коомдук пикирди сурамжылоого караганда, Макрон Ле Пенден болжол менен 20% алдыда баратат. (KC)