Пхеньян: Америкалык учактар Корей жарым аралын согуштун кырына алып келди

B-1B согуштук учактары өзөктүк курал менен жабдылган.
Image caption B-1B согуштук учактары өзөктүк курал менен жабдылган.

Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү АКШнын эки стратегиялык бомбалоочу учагы эки өлкөнүн биргелешкен аскердик машыгууларына катышканын билдирүүдө. Бул Түндүк Кореянын чагымчылык аракеттерин токтотуу боюнча пландуу иштердин бир бөлүгү экени айтылууда.

Ошол эле учурда Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы америкалык согуштук учактардын Түштүк Кореядагы аскердик машыгууларга катышуусу Корей жарым аралын согуштун кырына алып келди деп билдирди.

Пхеньяндын билдирүүсүндө согуштук учактар ири объектилерге өзөктүк бомбаларды ыргытуу боюнча машыгуу иштерин аткарышты, ал эми АКШ президенти Дональд Трамп америкалык башка шумкарлар менен бирге озунуп өзөктүк сокку урууну талап кылууда деп баса белгиленет.

'Акылсыз аскердик чагымчылык Корей жарым аралындагы кырдаалды өзөктүк согуштун кырына алып келди',-деп айтылат Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалынан тараган билдирүүдө.

Айтмакчы, Трамп Корей жарым аралындагы түйүндү чечүүнүн ар кандай жолун караштырып жатканын айтып келатат, бирок сокку уруу жөнүндө сөз кыла элек.

Корей жарым аралына Түштүк Корея менен бирге өткөрүлүп жаткан аскердик машыгууларга катышуу үчүн америкалык эки согуштук учак учуп келгени шейшембиде белгилүү болду.

Түштүк Кореянын коргоо министрлигинен америкалык согуштук учактардын келиши Түндүк Корея тараптан болуп жаткан өзөктүк жана ракеталык программалардын коркунучун токтотуунун алкагында аткарылып жаткан иштер экенин билдиришүүдө.

Шейшембиде ошондой эле Түштүк Кореяда АКШ жиберген ракетадан коргонуу орнотмолору коюлуп бүткөнү белгилүү болду. Бул орнотмолор согуштук абалга келтирилди жана Түндүк Кореянын ракеталарын атып түшүрүүгө даяр.

АКШ Корей жарым аралында аскердик күчүн көбөйткөн сайын, Вашингтон менен Пхеньян бири-бирине айбат көрсөткөн билдирүүлөрдү жасашууда. (KC)