Венесуэла оппозициясы көчөлөргө тосмолорду койду

Демонстранттар менен полициянын ортосундагы тирешүү дээрлик бир айдан бери уланууда Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption Демонстранттар менен полициянын ортосундагы тирешүү дээрлик бир айдан бери уланууда

Венесуэлада активисттер жаңы шайлоону талап кылып, жолдорго тосмолорду орнотту. Өлкөдөгү саясий жана экономикалык кризис тереңдеп баратат. Оппозициялык лидерлер элди “ири протестке” чакырууда.

Оппозиция азыркы президент Николас Мадуронун жаңы парламент түзүп, ал конституцияны өзгөртүү укугуна ээ болот деген чечимине каршы чыгууда.

Протесттер дээрлик бир айдан бери уланууда. Кагылышууларда 28 адам өлдү.

Президент Мадуро жаңы конституция анын башкаруусуна каршы четтен келген кутумдун алдын алууга жол ачат дейт.

АКШ бул сунушту бийликте калуу аракети десе, Бразилия өкмөтү Мадуронун бул иш-аракетин “төңкөрүш” деп атады.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Оппозиция шаршембиде ири протест өткөрүүнү пландап жатат

Азыркы парламент – Улуттук ассамблеядагы көпчүлүктү оппозиция түзөт.

Мадуронун сөзүнө ылайык, жаңы Улуттук ассамблеяга депутат катары катардагы жарандар келет.

Оппозиция Мадурону отставкага кетүүгө чакырууда жана жаңы президенттик шайлоону талап кылууда. Алар президентти жана анын саясатын башаламандыкка алып келген өлкөдөгү азык-түлүк тартыштыгына айыптап жатышат.

Мадуро оппозициянын талаптарын четке какты жана конституциялык ассамблея түзүү тууралуу жарлык чыгарды, ага 500 киши кирет. Эгер ал конституцияны кайра жаза алса, оппозициялык партиялар көзөмөлдөгөн өлкөнүн конгрессине моюн бербейт.

Мадуро бул тууралуу анын миңдеген тарапташтары катышкан биринчи майдагы акцияда жарыялады.

Оппозиция лидерлери элди шаршембиде “ири протест” өткөрүүгө чакырууда.

Николас Мадуро 2013-жылы мурдагы лидер Уго Чавес өлгөндөн кийин президенттикке шайланган.

Андан бери мунайдын арзандашы менен экономикалык саясат өлкөнү азык-түлүк, дары-дармек, балдардын сүтү жана башка зарыл нерселердин таңкыстыгына кептеди.

Дүйнөлүк валюта фонду быйыл Венесуэлада инфляция жылына 700% болот деп жатат.

Президенттик шайлоо келерки жылдын аягына коюлган. (АК)