Ак үй: Трамп менен Путин Сирия жөнүндө "жакшы сүйлөштү"

Путин Россия менен АКШнын ортосундагы ишеним деңгээлин мурдакы президент Обаманын учурунан да төмөн деп келатат.
Image caption Путин Россия менен АКШнын ортосундагы ишеним деңгээлин мурдакы президент Обаманын учурунан да төмөн деп келатат.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путиндин ортосунда телефондо 'абдан жакшы' сүйлөшүү болгонун Ак үйдөн билдиришти.

'Президент Трамп менен президент Путин Сириянын азап-тозогу создугуп кеткендиктен аны токтотуш үчүн бардык тараптар колунан келгендин баарын жасаш керек деп макулдашты',-деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Кремлдин сайтында Россия менен АКШнын лидерлери Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу процессин баштоого тийиштүү шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөөнү макулдашканы айтылат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тынчтыкты бекемдөө үчүн коопсуздук зоналарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганы жөнундө америкалык мекемеден айтып жатышат.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, лидерлер ошондой эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсондун ортсоунда сүйлөшүүнү активдештирүү керек деп макулдашты.

АКШнын мамлекеттик департаменти бул телефон сүйлөшүүлөрүнө чейин эле Тиллерсон менен Лавров 10-11-майда Аляскада жолугушат деп билдирген эле.

Тиллерсон Москвага апрелдин ортосунда келип кетти. Анын сапары болгон күнү Путин Москва менен Вашингтондун ортосундагы ишеним деңгээли мурдакы президент Обаманын учурунан да төмөндөп кетти деп билдирген эле.

"Ишеним деңгээли жумушчу деңгээлинде деп айтсак болот, айрыкча аскердик деңгээлде ал жакшы болуп кеткен жок, керек болсо начарлап кетти',-деген орус президенти. (KC)