Cирия оппозициясынын делегациясы Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетти

БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистура Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн жылыш болот деп үмүттөнүп жатканын билдирген.
Image caption БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистура Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн жылыш болот деп үмүттөнүп жатканын билдирген.

Сириянын оппозициялык делегациясы Астанада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасынан чыгып кеткени белгилүү болду. Делегация Сириядагы карапайым тургундарга өкмөттүк аба күчтөрү сокку урууну токтотпой жатканына каршылык иретинде сүйлөшүүлөрдөн баш тартканы айтылууда.

Астанада сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн бардык тараптардын өкүлдөрү келишти деп расмий кабарланган. Анын ичинде сириялык куралдуу оппозициянын делегациясынын башчысы Мохаммад Алуш дагы бар экенин Казакстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирген.

Сириялык оппозициянын сүйлөшүүдөн чыгып жатканы министрлик тараптан расмий түрдө тастыкталган да, төгүндөлгөн да жок.

Мурда таркатылган маалыматка караганда, бүгүн башталган сүйлөшүүлөр жабык түрдө өтүүдө. Эртең күндүн экинчи жарымында жалпы жыйын жана жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны болот.

Жолугушууга АКШнын делегациясынын башчысы катары мамлекеттик катчынын Жакынкы чыгыш боюнча орун басары Стюарт Джонс биринчи жолу катышууда.

Астанада Россия, Түркия, Ирандын ортомчулугу менен Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн буга чейин үч айлампасы болгон. Соңкусунда оппозиция катышкан эмес.

Бул сүйлөшүүлөргө кепил болуп жаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистура да чакырылган. (KC)