Кабулдагы жан кечтилик жардыруудан сегиз адам курман болду

Кабулда жанкечтилик жардыруу эл көбөйүп калган учурда болгон.
Image caption Кабулда жанкечтилик жардыруу эл көбөйүп калган учурда болгон.

Афганистандын баш калаасы Кабулда жан кечти НАТОнун аскердик колоннасынан жанынан жардыруу жасады. Жардыруудан бери дегенде сегиз адам курман болгону, америкалык үч жоокер жарадар болгону айтылууда.

Афганистандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даниш курман болгондор баары жайкын тургундар экенин айтты:

'Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, сегиз адам курман болду, дагы 25 жарадар. Алардын баары жайкын тургундар болчу. Террористтин көздөгөн бутасы эл аралык күчтөрдүн ушул райондогу колоннасы болгон. Эл аралык күчтөрдүн арасына курмандыктар болгон жок, транспор каражатынын бирөө жарым-жартылай талкаланды".

НАТОнун бул өлкөдөгү миссиясынын өкүлү АКШнын аскер деңиз күчтөрүнүн капитаны Билл Сальвинге шилтеме берген Рейтер агенттиги америкалык үч жоокер дагы жарадар болгонун айтууда.

Жардыруу Кабулда АКШнын элчилигине жакын жерде эртең менен болгонун Франс-пресс агенттиги билдирүүдө.

Жанкечтилик кол салуунун бутасы Афганистандагы НАТОнун миссиясынын бронетранспортеру болгон. Бул район Кабулдагы киши көп жүргөн жер.

Жардыруудан жакын жерде бараткан бир топ автоунаа кыйраган. Азырынча бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Мындан мурда афгандык талибдер өлкөдөгү чет элдик аскерлерге кол салышарын эскерткен эле. Алар өткөн жумада душмандын позициясына жазгы чабуул башталганын жарыя кылышкан.

Апрелдин аягында талибдер Мазар-Шарифтеги аскердик базага кол салышканда афган аскеринин жоготуулары 200 адамга чыккан. Согушкерлер аскер киймин кийип алып, базага капыстан кирип келишкен.(КС)