Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтыктын жакшы мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирди

Image caption Трамп Аббас менен биргелешкен басма сөз жыйынында палестин жана израил элдери бири-биринин канын төккөндү токтотушу керек деп баса белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугушуудан кийин Жакынкы Чыгышта тынчтык келишимин түзүүнүн “сонун мүмкүнчүлүгү” бар экенин билдирди.

"Биз муну аткарабыз", - деп убада берди Трамп Ак үйдө Аббас менен биргелешип берген басма сөз жыйынында.

Аббас Трампка тынчтык келишими “эки мамлекет” прицибине негизделиши керектигин жана өлкөлөрдүн 1967-жылга чейинки чек араларын эске алуу зарыл деп айтты.

"Эми, таксыр президент, бизде үмүт бар", - деп билдирди Аббас.

Трамп ошол эле учурда палестин жана израил элдери бири-биринин канын төккөндү токтотушу керек деп баса белгиледи.

Аббас, ошентип кысым алдында калгандай, анткени аны түрмөдө жаткан же израиль тарап менен болгон кагылышта курман болгон палестиндиктерге төлөөнү токтото турууга мажбурлашууда.

Израиль мындай төлөмдөр менен палестин жетекчилиги терроризмдин жайылышына жардам берүүдө деп эсептейт. Ал ортодо автономиянын ичинде Аббастын рейтинги кыйла төмөндөп кетти, эми төлөмдөрдү алып салуу аны ого бетер төмөндөтөт.

Февралда Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен биргелешкен басма сөз жыйынында Жакынкы Чыгышта “улуу” тынчтык келишимин түзүүгө жетишерин билдирген эле.

"Мен эки жана бир мамлекетти карап жатам, - деген анда Трамп. – Мага эки тарапка тең ылайык келген нерсе жагып атат. Мага ар бир вариант туура келет".

Трамп ошондо бул регионго карата көп жылдан бери келаткан америкалык принцип менен эл аралык саясаттан четтеген эле. “Эки мамлекет” мамилесинин мааниси израилдиктер менен палестиндиктердин ортосундагы конфликтти Батыш жээкте, Газа секторунда жана Чыгыш Иерусалимде 1967-жылы ок атышуу токтогон сызыктагы чек арада көз каранды эмес палестин мамлекетин түзүү менен аяктоодо турат.

Жаңы мамлекет Израиль менен тынчтыкта жанаша жашайт деген ой максат болуп жатат.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш Трамптын февралдагы биилдирүүлөрүнөн кийин анын администрациясын эки мамлекет концепциясын колдоону токтотуудан этият болууну эскерткен. (КС)

deffP�A�