Ле Пен жана Макрон теледебатта кайым айтышты

Марин Ле Пен жана Эммануэль Макрон теледебаттар учурунда бири-биринин дарегине курч сөздөрдү багыттады Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Марин Ле Пен жана Эммануэль Макрон теледебаттар учурунда бири-биринин дарегине курч сөздөрдү багыттады

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына төрт күн калганда эки талапкер - Марин Ле Пен жана Эммануэль Макрон теледебаттар учурунда бири-биринин дарегине курч сөздөрдү багыттап, катуу сүйлөштү.

Ашынган оңчулдардын талапкери Марин Ле Пен 39 жаштагы атаандашы центрист Макронду элитанын талапкери деп мүнөздөп, эч кандай реформаларды сунуштабайт деди. Ошондой эле ал Макрондун исламчыл терроризм менен күрөшүү демилгесин сынга алып, учурдагы президент Франсуа Олланддын анчейин популярдуу болбогон өкмөтүнө таандык талапкер атады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Дебат 160 минутага созулуп, бул убактытын ичинде атаандаштар бири-бирине атырыла сүйлөп, айыптоолорун улам-улам жолдоп турушту

Макрон бул сындарды кулак сыртынан кетире алган жок. Ал атаандашы Ле Пенди 'калпычылыктын стратегиясын' колдонуп жатат деп күнөөлөдү.

Дебат 160 минутага созулуп, бул убактытын ичинде атаандаштар бири-бирине атырыла сүйлөп, айыптоолорун улам-улам жолдоп турушту.

"Коркунучтун сыйынуучусу" жана "жапайы глобализациянын талапкери"

Теледебаттын жүрүшүндө Марин Ле Пен атаандашын "жапайы глобализациянын, туруксуздуктун талапкери" атап, өз пайдасы үчүн өлкөнү сатып, өлкөнү көзөмөлдөн чыгарып бактылуу болот деп каарыды.

Макрон болсо 48 жаштагы атаандашы Ле Пендин экономикалык программасынын үстүнөн күлдү. Ѳзгөчө анын планындагы евродон баш тартуу демилгеси карма-каршылыктуу экенине көңүл бурду. Макрон атаандашын 'коркунучка сыйынгандардын анабашы' атап, ал көп сүйлөйт бирок аз нересе жасайт деп сындады. Ле Пен жеңилүүдөн башка эч нерсе сунуштай албайт деди.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Макрондун тарапташтары дебатты Париждеги барлардын биринде астейдил көрүп жатышат

Макрон атаандашы Ле Пенди атасынын анык мураскери атап, атасы Жан-Мари Ле Пендин антисемиттик жана ксенофобиялык көз караштары менен белгилүү болгонун эске салды.

Душмандык маанай

Теледебат учурунда талапкерлер экономикага да көңүл бурушту. Макрондун айтымында, эгер шайланып калса, кыймылсыз мүлккө салынган салыктан 80 пайыз жарандарды бошотоорун убада кылды. Ошондой эле бизнес үчүн салыктарды кыскартып, экономикалык өсүү болсо, салыктын түрлөрүн төмөндөтүү планын билдирди.

Ле Пен болсо, пландары жакыр үй-бүлөлөргө багытталганын айтып, балдарга универсалдуу жөлөкпул чегерүүнү колго аларын айтты. Франциядагы социалдык коргоо системасы 'коркунучта' жана элет жери кыйроо алдында турат дейт Ле Пен.

Талапкер Ле Пен жумушсуздук менен күрөшүү убадасын берип, буга глобализация жана чек аралардын ачылышы себеп болгонун айтты. Эгерде 40 жылдык эмгек стажы болсо, анда 60 жаштан пенсияга чыгарууга уруксат берүү маселесин чечем деди.

Миллиондогон француз шайлоочулары теле аркылуу күбө болгон теледебат учурунда эки талапкердин бири-бирине душмандык маанайы ачык эле көрүнүп калды.

BFMTV телеканалы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык көрүүчүлөрдүн 63% Макронду ынанымдуу сүйлөдү деп эсептешкен.

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 7-майда өтөт. (AbA)