Сириядагы коопсуздук аймагын түзүү идеясы колдоого алынабы?

Сириядагы коопсуздук аймагын түзүү идеясын колдоого алынабы? Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириядагы коопсуздук аймагын түзүү идеясын колдоого алынабы?

Орусия, АКШ, Сирия жана Түркия куралдуу жаңжал жүрүп жаткан Сирияда ок атышпоо режимин чыңдоо үчүн коопсуздук аймагын түзүү келишимине жетүүгө жакын калды деп билдирди орус президенти Владимир Путин.

"Бул авиациянын учуп-конууларына дагы тиешелүү. Эгер бул коопсуздук аймагы болсо, анда ал жерде авиация дагы иштебейт. Бир гана шарт менен - бул аймакта эч кандай согуштук активдүүлүк болбошу керек',-деп түшүндүрдү орус президенти Орусия-Түркия ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча айтып жатып.

Путин бул сунушту АКШ президенти Дональд Трамп менен да талкуулаганын айтып, Америка тарап бул идеяны колдоп жатканын белгиледи.

"Бул аймактардагы тиешелүү режимди кантип көзөмөлдөө жагы өзүнчө жеке сүйлөшүүлөрдө талкуулана турган маселе',-деп кошумчалады орус президентти.

Коопсуздук аймагын түзүү боюнча акыркы чечим Казакстан баш калаасы Астанада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө белгилүү болмокчу.

Орус тарап коопсуз аймакка сириялык көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп жаткан Идлиб провинциясын жана Хомстун айрым аймактарын, Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута анклавын киргизүүнү сунуштап жатат деп билдирет Франс-пресс агенттиги.

Коопсуз аймак көзөмөлдөчү бекеттер менен курчалып, көтөрүлүшчүлөр тарабынан жана өкмөттүк аскерлер тарбанынан көзөмөлдөнөт. Ал жерде байкоочу катары чет өлкөлүк аскерлер да болушу мүмкүн.

Орус тарап бул аракет чөлкөмдөгү зомбулукка чекит коюп, гуманитардык жардам жеткирүүгө жол ачат дейт.

Мунун алдында Сириянын оппозициялык делегациясы Астанада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасынан чыгып кеткени белгилүү болгон. Делегация Сириядагы карапайым тургундарга өкмөттүк аба күчтөрү сокку урууну токтотпой жатканына каршылык иретинде сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын айткан.