Принц Филипп расмий милдетин аткарууну токтотот

Июнда принц Филипп 96 жашка толот.
Image caption Июнда принц Филипп 96 жашка толот.

Букингем сарайы королева Елизаветанын күйөөсү принц Филипп, Эдинбург герцогу күзүндө расмий иш чараларга катышуу менен байланышкан милдеттерин аткарууну токтотот деп жарыя кылды. Июнда принц Филипп 96 жашка толот.

Королдук сарайдын расмий билдирүүсүндө Эдинбург герцогу күздөн баштап расмий иш чараларга катышпоо жөнүндө чечим кабыл алганы, бул чечим королева тарабынан толук колдоого алынганы айтылат.

Билдирүүгө караганда, принц Филипп август айына чейин королеваны коштоп, пландалган иш чараларга катыша берет, андан кийин герцог жаңы чакырууларды кабыл албайт, бирок анда-санда кайсы бир иш чараларга катышуусу мүмкүн.

Мындан мурда Бкуингем сарайында королдук үй-бүлөнүн тейлөөчү кызматчыларынын жолугушуусу өтүп жатканы белгилүү болгон эле. Сарайдын өкүлдөрү жолугушуунун темасын ачыкташкан эмес. Бирок, Би-Би-Синин маалыматына караганда, бул жыйын королева Елизавета экинчинин же принц Филипптин саламаттыгына байланыштуу эмес.

Королева да, герцог дагы бардык белгиленген иш чаралардан калбай катышып жатышат.

21-апрелде 91 жашка толгон Елизавета экинчи Букингем сарайында британ премьер-министри Тереза Мэй менен жолугуп, анын шайлоонун алдында парламентти таркатуу чечимин колдоп берген эле.