Оbamacare: Трамп Ѳкүлдөр палатасында жеңишке жетти

Оbamacare реформасы көп америкалыктарды нааразы кылган эле.
Image caption Оbamacare реформасы көп америкалыктарды нааразы кылган эле.

АКШнын Ѳкүлдөр палатасы биз көбүрөөк добуш менен демократ президент барак Обаманын тушунда саламаттык сактоо тармагында жүргөн реформанын орчундуу бөлүгүн жокко чыгаруу үчүн добуш берди. Анын ордуна Республикалык партия иштеп чыккан реформа келмекчи.

Жеткиликтүү саламаттык сактоо жана орулууларды коргоо жөнүндө мыйзамдын көп жоболорун жоюуга Ѳкүлдөр палатасынын 217 мүчөсү добуш берди, 213 каршы болду. Конгрессмендердин арасында бул чечимди колдогон бир да демократ болгон жок.

Байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгын президент Дональд Трамптын ири жеңиши катарында карап жатышат. Obamacare реформасын токтотууну Трамп шайлоо өнөктүгүн жүрүшүндө эле убада берген эле.

Республикачылдарга Ѳкүлдөр палатасында колдоо алыш үчүн 216 добуш керек эле, натыйжада 217 депутат добуш берди. Анын ичинде бир да демократтын добушу жок.

Эми бул маселени сенат карап чыгыш керек, ал жакта дагы республикачылдар көпчүлүктү түзөрү белгилүү.

Obamacare реформасын медициалык камсыздандыруу программасы менен алмаштыруу аракетин Трамп мартта эле баштаган, бирок анда тийиштүү мыйзам долбоору республикачылдардын жетиштүү колдоосуна ээ болбой, чакыртылып алынган.

Бирок Трамп журналисттерге дароо эле жаңы мыйзам долбоорун даярдоо көп убакыт албайт деп билдирген. Жаңы мыйзам долбоорун республикачылдар эле эмес, демократтар да колдойт деген үмүттө экенин айткан эле.

Азыр камсыздандырууга ээ болгондордун көбү мамлекеттен дотация алышат. Казына бул милдетти аткарыш үчүн, Obamacare бүт америкалыктарды камсыздандырууга өтүүгө милдеттендирүүдө, антпесе айыппул төлөп калышат. Бул жылына орточo алганда 995 доллар.

Камсыздандырууга кошумча акча төлөөгө милдеттендирүү көп америкалыктарды нааразы кылган эле.

Алардын жүйөөсүндө, АКШнын Конституциясына ылайык, Ѳкмөт мыйзамдын күчү менен кандайдыр бир товарды же кызматты сатып алууга мажбурлабашы керек.

Эми жаңы реформанын алкагында Республикалык партия айып пул төлөөнү, салык жеңилдигинен пайдаланган улгайган жарандар үчун субсидияларды дагы жойгон жатат. (KC)