Тажикстанда ашыкча салмактуу милицияны кызматтан алууда

Тажикстандын Ички иштер министрлиги жыл башында эле ашыкча салмактуу кызматкерлерине эгер жумуштан кетүүнү каалабаса, анда арыктоону милдеттендирген эле.
Image caption Тажикстандын Ички иштер министрлиги жыл башында эле ашыкча салмактуу кызматкерлерине эгер жумуштан кетүүнү каалабаса, анда арыктоону милдеттендирген эле.

Тажикстанда ашыкча салмак менен жабыркаган он милиция кызматкери кызматтан алынып, жүзгө чукул кызматкерге кыска убакыттын ичинде ашыкча салмактан арылуу же кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө эскертүү берилди.

Ѳлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомалинин айтымында, кызматтан алынган кызматкерлерге буга чейин ашыкча салмагынан арылуу боюнча кеңештер, эскертүү берилген. Бирок белгиленген мөөнөттө алар арыктай алган эмес экен.

"Бир катар кызматкерлерге арыктоо, ашыкча салмактан арылуу үчүн атайын мөөнөт берилди. Эгер алар ашыкча салмагынан арыла албаса алар дагы кызматтан алынат',-деди Умаржон Эмомали.

Ѳлкөнүн Ички иштер министри Рамазон Рахимзода ашыкча салмак укук коргоо тармагында иштеген кызматкерлердин иштөө жөндөмдүүлүгүнө таасир этип, алардын ишинде жыйынтык жакшы болбойт деген пикирин айтып чыккан эле.

"Кызматкер семирип кеткен болсо, анын иштөө жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Ал көп жеп, аз иштейт. Мунун үстүнөн бирдеме кылыш керек, кандайдыр бир чараларды көрүш керек. Болбосо ал салмак кошуп кете берет дагы, ал иштин сапатына таасир этет',-деген министр тамаша-чыны арлаш.

Министр соңку жылдары ашыкча салмак актуалдуу көйгөйгө айланганын айтып, милициянын катарында дагы мунун менен жабыркагандар бар деген. Ошондуктан министрлик ашыкча салмак менен активдүү күрөштү баштады.

Айрым кызматкерлер менен сергек жашоо образын күтүү боюнча түшүндүрүү, аңгемелешүү жүрүүдө. А кээ бирлерине өз алдынча арыктоо боюнча кеңештер берилген.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги жыл башында эле ашыкча салмактуу кызматкерлерине эгер жумуштан кетүүнү каалабаса, анда арыктоону милдеттендирген эле.

Ошондон тарта 'ашыкча салмак менен күрөш' башталды. Бул үчүн атайын комиссия дагы түзүлүп, көзөмөл күчүндө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, мурдагы советтик республикалардын ичинен тажикстандыктар ашыкча салмак менен аз жабыркашат. Уюмдун соңку иликтөөсүндө, ашыкча салмак менен тажистандык эркектердин 9 пайызы, аялдардын 15 пайызы гана жабыркайт.

Кээде өлкөнүн Ички иштер министри кандайдыр бир көйгөйдү чечүүгө карата таң калтырган демилгеси менен да белгилүү. Айталы, мындан алдын Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлерин айына эки жолудан театрга барып турууга милдеттендирген. Муну министрлик кызматкерлерди маданий жактан агартуу жана деңгээлин көтөрүү аракети катары түшүндүргөнү бар.

Үч жыл мурун тажик жарандарынын моралдык жүрүм-турумун тыкыр текшерип чыгууга чакырган. Ошондой эле наркотрафик менен күрөшүүгө кызыкдар өлкөлөргө ооган фермерлери өндүргөн баңгизаттарды сатып алып, аны фармацевтикалык өндүрүш үчүн пайдалануу же жок кылып салуу тууралуу сунушун берген эле.