Макрон 66% добуш менен Франциянын президенти болду

"Бүгүн силер жеңдиңер. Франция жеңди. Бүл мүмкүн эмес деп баары айтып жатышкан, бирок алар Францияны билишпейт", - деди Макрон Луврда өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатып.
Image caption "Бүгүн силер жеңдиңер. Франция жеңди. Бүл мүмкүн эмес деп баары айтып жатышкан, бирок алар Францияны билишпейт", - деди Макрон Луврда өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатып.

Францияда жекшембиде болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бюллеттендердин 99,9 % эсептөөнүн жыйынтыгында ортомчул талапкер Эммануэль Макрон 66,06%, ал эми анын атаандашы Марин Ле Пен - 33,94% алды.

Ошондой эле толтурулбаган же бузулган бюллеттендер жана добуш бербеген шайлоочулар да көп болду деп жатышат.

Франциянын Ички иштер министрлиги Макронду официалдуу түрдө бул шайлоонун жеңүүчүсү катары тааныды.

39 жаштагы Макрон өлкөнүн тарыхындагы эң жаш президент болуп калды.

Франциянын аймагындагы жана сыртындагы шайлоо участкаларындагы бардык бюллеттендер эсептелип бүттү. Талапкерлердин ортосундагы 33 пайыз ажырым шайлоонун алдындагы сурамжылоолордогу айтылган божомолдорго караганда чоң болду.

Ошол эле учурда бир дагы талапкерге добуш бербеген француздардын дагы саны көп болду - мындайлар 25,38% түздү.

Макрондун штабы жеңишти добуштар эсептелип бүтө электе эле майрамдап баштаган. Талапкер биринчилерден болуп Ангела Меркелдин, Терез Мейдин, Дональд Трамптын жана Канаданын премьер-министри Джастин Трюдонун куттуктоолорун алды.

Кремль азырынча Макрондун жеңишине эч кандай реакция кылган жок. Шайлоого чейин, 24-мартта Россия президенти Путин Макрондун атаандашы Марин Ле Пенди Кремлде ачыктан ачык кабыл алган эле.

Жума күнү кечинде, добуш берердин алдындагы 'тынчтык күнүндө' интернетте Макрондун штабынан уурдалган электрондук каттар жарыяланып кетти. Штабдын өзүнүн айтымына караганда, жарыяланган документтердин арасында чыныгы да, жасалмасы да баары аралашып кеткен.

Документтердин бир бөлүгүнүн метаданныйлары орус тилинде болгондуктан, эксперттердин баамында, бул жолу дагы АКШда өткөн жылы демократтардын каттарын уурдап жарыялап жиберген орус хакерлеринин кийлигишүүсү сыяктуу жаңы шектенүүлөрдү жараттты

Макрон өзүнүн жеңишке шыктанган сөзүндө Франциянын жаңы доорун жар салды. Ал өзүнүн шайлоочуларына кайрылып, беш жылдын ичинде Европанын биримдиги үчүн күрөшөрүн убада кылды.

Парижде Луврдын имаратынын алдында Макрондун жактоочулары жыйылгандан кийин ал жерге шайланган президент өзү келди.

Жеңилген Марин Ле Пен өзүнүн жактоочуларынын алдында чыгып сүйлөп, ага добуш бергендин баарына ыраазылык билдирди. Анын айтымында, өткөн шайлоолор өлкөнүн 'патриотторго' жана 'глобалисттерге' бөлүнүп калганын көрсөттү. Ле Пен өзүнүн 'Улуттук Фронт' партиясына терең реформалык жаңылануулар керек экенин белгиледи.

Бул жолку шайлоодо мурдакы инвестициялык банкир Эммануэль Макрон жана ашынган оңчул 'Улуттук Фронттун' лидери Ле Пен шайлоочуларга эки башка программаны сунуш кылышты. Ле Пен Евробиримдиктен чыгууга, миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырса, Макрон –Евробиримдик менен интеграциянын бекемдөөгө үндөдү. (KC)

Тема боюнча башка макалалар