Пентагон «ИМдин» афган бутагынын лидери ѳлтүрүлгөнүн ырастады

Кабулдагы госпиталга кол салуу Хасибдин буйругу боюнча болгон деп жатышат.
Image caption Кабулдагы госпиталга кол салуу Хасибдин буйругу боюнча болгон деп жатышат.

Афган жана америкалык спецназ апрелдин аягында биргелешип өткөргөн операциянын жүрүшүндө “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик күчтөрдүн бул өлкөдөгү лидери Абдул Хасиб жок кылынганын жекшембиде Пентагондун өкүлү билдирди.

Хасибди Кабулда элүүдөн ашык адамдын өмүрүн алган кол салууга жооптуу деп жатышкан.

Абдул Хасиб жана дагы бир топ талаа командирлери 29-апрелде Пакистандын Нангархар провинциясы менен чектешкен Ачин кыштагында жок кылынды.

'ИМдин' башчыларын жок кылуу операциясына АКШнын армиясынын рейнджерлери (алардын экөө курман болду) жана афган спецназы катышты. Операция авиациянын колдоосу астында өттү.

"Бул биргелешкен ийгиликтүү операция – 2017-жылдагы ИМ-Х (Ислам мамлекети-Хорасан) жеңүү максатындагы өнөктүгүбүздөгү дагы бир маанилүү кадам,-деп айтылат Афганистандагы АКШ күчтөрүнүн командачылыгынын билдирүүсүндө.

Андан мурда америкалык аскерлер 29-апрелде өлтүрүлгөн командирлердин арасында ИМ-Х лидери бар болушу мүмкүн деп, бирок расмий түрдө ырастабай жатышкан.

"Ислам мамлекети -Хорасан", ал ошондой эле " Хорасан вилайети" деп дагы аталат, 2015-жылдын январынан бери белгилүү. Анын биринчи командири болуп Хафиз Саид Хан дайындалып, өткөн жылы америкалык беспилотник тарабынан жок кылынган. Анын ордуна Абдул Хасиб келген.

Хасибдин буйругу боюнча болгон эң кандуу кол салуу ушул жылдын 8-мартында Кабулда болду. Куралчан согушкерлер госпиталдын дарбазасынын жанынан жардыруу жасап, андан кийин дарыгерлер менен оорулууларга карай ок жаадырышкан. Атышуу бир нече саатка созулган. Спецназ кол салгандардын төртөөн атып жок кылышкан.

Апрелде АКШ өзүнүн өзөктүү эмес бомбаларынын ичинен 'бардык бомбалардын энеси' деп аталган GBU-43/B MOAB бомбасын Ачин кыштагындагы согушкерлер жашынып жаткан туннелдерге таштаган.