Түштүк Корея жаңы президентти шайлоодо

Президенттик шайлоого 13 талапкер катышып жатканына байланыштуу шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болуот деп күтүлүүдө.
Image caption Президенттик шайлоого 13 талапкер катышып жатканына байланыштуу шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болуот деп күтүлүүдө.

Түштүк Кореянын жарандары жаңы президентти шайлоо үчүн добуш берип жатышат. Мурдакы президент коррупция боюнча айыпталып, импичмент жарыяланып, мартта кызматынан кеткен.

Президенттик кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда. Эң көп мүмкүнчүлүк Демократиялык партиянын лидери Мун Чжэ Инде деп жатышат. Сурамжылоолорго караганда ага шайлоочулардын 42% добуш берүүгө макул. Андан кийин “Элдик партиянын” өкүлү Ан Чхоль Су менен “Эркин Корея” партиясынын талапкери Хон Чжун Пхе баратат, алар үчүн шайлоочулар 18 пайыздан колдошот.

Бардык талапкерлер Түштүк Кореянын экономикасын чыңдоону, жаштар арасында жумушcуздукту азайтууну убада кылышууда.

Мөөнөтүнөн мурда добуш бергиси келген Түштүк Кореянын жарандары бул укугунан 4-5-майда пайдалана алышканы айтылууда. Улуттук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, эртелеп добуш берүүгө 11 млн адам катышты, бул жалпы шайлоочулардын төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Ѳткөн жылы декабрда өлкөнүн парламенти мурдакы мамлекет башчысы Пак Кын Хеге коррупция боюнча айыптоолорго байланыштуу импичмент жарыялаган. Март айында Конституциялык сот аны кызматтан алуу жөнүндө чечимди бекиткен.

Экс-президенттин айланасында чыккан чыр-чатак анын жакын курбусу менен байланыштуу. Курбусу Пак Кын Хенин атына жамынып, мамлекеттик иштерге кийлигишип, бир катар ири компаниялардан акча өндүрүүгө аракет кылган деп жатат.

Тема боюнча башка макалалар