Москвадагы жеңиш парады

Парадка он миң жоокер катышты Сүрөттүн автордук укугу ТАСС
Image caption Парадка он миң жоокер катышты

Россиянын баш калаасы Москвада Улуу ата мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгына арналган жылдагыдай эле аскердик парад болду. Парадка он миң аскер кызматчысы жана 114 согуштук техника катышты. Аба ырайына байланыштуу параддын асмандагы бөлүгү болгон жок.

Владимир Путин аскердик параддын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Россия эч качан жеңилбейт деп билдирди. Ал майданда кан кечкендердин эрдиги эч качан унутулбайт деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу ТАСС
Image caption Аскердик параддын ачылышында президент Путин сөз сүйлөдү.

'Ѳткөн согуштун сабактары бизден кыраакылыкты талап кылууда. Россиянын Куралдуу күчтөрү ар кандай потенциалдуу агрессияга каршы турууга кудуреттүү, ал эми жашоо өз кезегинде биздин коргонуу потенциалыбызды жогорулатууну талап кылууда. Бирок терроризм, экстремизм, неонацизм жана башка коркунучтарга каршы эффективдүү күрөш үчүн биз бүтүндөй эл аралык коомчулук менен биригишибиз керек. Биз кызматташтык үчүн ачыкпыз. Россия дайыма тынчтыктын күчтөрү тарапта, тең укуктуу өнөктөштүк үчүн чыгып жаткандар, согушту адамзаттын табиятына жат көрүнүш катары айыптагандар тарапта',-деди Путин.

Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддар өлкөнүн башка региондорунда дагы болуп өттү.

Параддан сырткары Россиянын көп шаарларында 'Ѳлбөс полк' аталган коомдук эскерүү акциясы да өткөрүлдү. Көп миңдеген адамдар кан майданга катышкан аталарынын, туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп алышып, жүрүшкө чыгышты.