Индонезия: динге акаарат келтирген губернатор эки жылга кесилди

Басуки Чахая Пурнама
Image caption Басуки Чахая Пурнама

Индонезиянын баш калаасы Жакартанын губернатору Басуки Чахая Пурнаманы сот шейшембиде Куранга акаарат келтирген сөздөрдү айтты деп эки жыл түрмөгө кести.

Жакартанын сотунун өкүмү айыптоочу тарап сураган жазадан да катаң болуп чыкты. Прокурор бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну сурап жаткан экен. Соттолгон жетекчи сот өкүмүн талашып дагы соттошо турганын билдирди.

Басуки Чахая Пурнама кудайга акаарат сүйлөп, жаратканга сыйынган адамдардын сезимине бүлүк салды деп айыпталды. Ѳткөн жылы сентябрда шайлоо өнөктүгү учурунда губернатордун мусулмандар үчүн туура эмес сүйлөгөн сөздөрү тартылган видео көрсөтулгөн болчу. Губернатордун өзү этникалык кытай жана христиан экен.

Индонезиянын вице-президенти Джусуф Калла – өткөн шайлоодо Басукинин атаандашын колдоп чыккан эле. Ал Би-би-сиге Басукини түрмөгө кесүү диний сабырдуулуктан кеткенге жатпайт деп билдирди.

'Бул дискриминация эмес, бул мыйзам. Албетте, биздин башка мыйзамыбыз да бар, бирок бул биздин улуттук мыйзам. Ким динди шылдыңдаса анын мыйзам жоопкерчилиги болот',-деди вице-президент.

Басуки Чахая Пурнама кийин өзүнүн сөздөрү үчүн кечирим сураган, бирок укук коргоо органдары болбой эле иликтөө баштаган болчу. (КС)