Австралия парламентинде биринчи жолу бала эмизилди

Жашылдар партиясынын мүчөсү эки айлык Алия Джой аттуу кызын шейшембидеги добуш берүү маалында эмизди Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жашылдар партиясынын мүчөсү эки айлык Алия Джой аттуу кызын шейшембидеги добуш берүү маалында эмизд

Сенатор Лариса Уотерс Австралия парламентинде бала эмизген биринчи саясатчы айым болду.

Жашылдар партиясынын мүчөсү эки айлык Алия Жой аттуу кызын шейшембидеги добуш берүү маалында эмизди.

Австралия парламенти имарат ичинде бала эмизүүгө былтыр уруксаат берип, бирок Уотерске чейин бир да аял ал укуктан колдоно элек эле.

Буга чейин парламент залына балдарды алып келүүгө тыюу салынып, баласын эмизип келүү үчүн жыйындарды таштоого аргасыз болгон айым сенаторлор ишеним аркылуу добуш берип келген.

Бала эмизүүгө расмий уруксаат 2015-жылы орун алган ызы-чуудан кийин берилген, анда министр Кейли О'Дваерге парламенттен алыс кетпей өз милдеттерин аткаруусу үчүн сүтүн алдын ала саап баласына таштап кетүү сунушталган.

"Парламентте аялдар жана ата-энелер көп болушу керек. Үй-бүлө жана балдарга камкордук көрүү үчүн ыңгайлуу көбүрөөк жумуш орундар керек", - деп Уотерс Фейсбук баракчасында жазды.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн парламенттеринде бала эмизүү астейдил маселелерден. 2016-жылы Испанияда "Подемос" партиясынан депутат айым баласын парламент жыйынына келип эмизгени үчүн коомчулуктун талкуусунда калган.

Британ депутаттары парламент ичинде бала эмизүүгө коюлган чекти алып салууну бир нече жолу сунушташкан. Бирок айрым саясатчылар бул таблоиддер тарабынан шылдың үчүн себепчи болобу деп коркуп келишет. (ES)