Дональд Трамп ФБРдин башчысы Джеймс Комини кызматтан алды

Image caption Трамп жакында эле Комини мактап жүргөн эле.

АКШнын президенти Дональд Трамп Федералдык иликтѳѳлѳр бюросунун башчысы Джеймс Коминин кызматтан алды. Ак үйдүн маалыматына караганда, Трамп бул чечимди кабыл алганда башкы прокурор Джефф Сешнс менен анын орун басары Род Розенстин сунушуна негизденген.

"Бүгүн президент Дональд Трамп ФБР башчысы Джеймса Комиге ал мындан кийин иштебей турганын, анын кызматтан алынганын билдирди", - деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

"ФБР – биздин улуттун эң урматтуу жана маанилүү кызматтарынын бири, а бүгүнкү күн биздин укук коргоо системабыздын эң башкы сыймыгынын жаңы барагы болуп калмакчы', - деп билдирди Трамп.

Коми Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрүнүн Россия менен ыктымал байланыштары жөнүндө иликтөөлөрдү жетектеп жаткан эле.

Трамптын ФБРдын башчысына жазылган катында ал 'бюронун ишин эффективдүү жетектөөгө жарамсыз' деп айтылат.

Коми ФБРга жаңы кызматкерлери кабыл алуу боюнча Лос-Анжелесте кесиптештеринин алдында сүйлөп жатканда анын жардамчыларынын бири ага кат алып келип берген, катта анын кызматтан алынганы жөнүндө жазылган. Коми бул жөнүндө жыйында отургандарга дароо билдирген.

Бул күтүүсүз чечим Коми бир жума мурда Конгрессте сүйлөп жатып, Хиллари Клинтондун каттары жөнүндө так эмес маалыматтарды келтиргени белгилүү болгондон бир нече сааттан кийин болуп отурат.

Трамптын шайлоодогу атаандашы өзүнүн жеңилип калганы үчүн күнөөнү Комиге жүктөп келатат.

3-майда АКШнын сенатынын юридикалык комитетине көрсөтмө берип жатып, Коми Клинтондун жардамчысы Хума Абедин 'жүздөгөн жана миңдеген' имейл каттарды өзүнүн ошол учурдагы күйөөсү Энтони Уинериге басып чыгаруу үчүн жибергенин, ал каттардын айрымдарында мамлекеттик сыр болгон маалыматтар бар болгонун айткан эле.

Бирок шейшембиде ФБР Абедин жашыруун маалымат болгон электрондук почтаны эки гана жолу жибергенин ырастаган эле. Бул жөнүндө сенатка жазуу жүзүндө ФБРдин директорунун конгресс менен байланыш боюнча орун басары Грегори Брауер билдирди.

Уинердин компьютеринен табылган Абединдин 49 миң имейл каттарынын көпчүлүгү көрсө анын Blackberry телефонунан көчүрүлүп алынган экен.

Акыр аягында, Уинердин компьютеринен табылган 12 жашырылган электрондук каттардын баары тергөөчүлөр тарабынан башка электрондук түзүлүштөрдү изилдөө убагында эле иликтенген экен.