Ак үй Трамп менен Лавровдун жолугушарын кабарлады

Ак үй Трамп менен Лавровдун жолугушарын кабарлады
Image caption Ак үй Трамп менен Лавровдун жолугушарын кабарлады

АКШ президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугат. Бул тууралуу Ак үйдөн кабарлоодо.

Жолугушуу Ак үйдө журналисттерсиз өтөрү күтүлүүдө.

Бул АКШнын жаңы президенти Трамп ишине киришкенден берки Орусия бийлигинин өкүлү менен болгон алгачкы жогорку деңгээлдеги жолугушуу.

Владимир Путин апрель айында АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду Кремлде кабыл алган эле.

Өткөн аптада Трамп менен Путин телефондук сүйлөшү өткөрүп, муну Ак үй “абдан жакшы” деңгээлде өттү деп кабарлаган.

10-майда Лавров Вашингтондо АКШ мамлекеттик катчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ал жерде Сирия жана Украинадагы конфликттер тууралуу сөз болот.

Вашингтон менен Москванын мамилеси Трамп Сириянын аскердик аба майданына абадан сокку уруу чечимин кабыл алгандан кийин дароо начарлап кетти.

7-апрелде АКШ Сириянын аскердик аба майданына 59 канаттуу ракетасы менен сокку урган. Президент Трамп бул Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп түшүндүргөн..

Сирия бийлигин колдоого алган Орусия АКШнын бул аракетин эл аралык укуктарды бузуу деп айыптаган.

Андан көп узабай Путин массалык маалымат каражаттарына берген маегинде, Барак Обама бийликте турган учурга караганда Трамптын учурунда Вашингтон менен Орусиянын мамилеси начарлап кеткенин билдирген.