Унутулган туткундар: Голландияда нацисттер тарабынан өлтүрүлгөн өзбектер кимдер эле?

... Сүрөттүн автордук укугу MARCO HOFSTE PHOTOGRAPHY
Image caption ...

Алар алгач Борбор Азиядагы үйлөрүн таштап чыкканда, бардык эле советтик өлкөлөрдөн келген жоокерлер сыяктуу алдыда немис армиясына каршы согушууга өрөөпкүп келишкен эле. Көп өтпөй бул жоокерлерди туткундап алышып, Нидерландиядагы концлагерлерге алып келишти.

Бул жерде жашаган жергиликтүүлөр арасында 1942-жылы Амерсфорттон анчейин алыс эмес жердеги токойдо өлтүрүлгөн 101 өзбек тууралуу азыр билгендери көп эле экен. Эгерде изденген, куйма кулак голландиялык бир журналист болбогондо алардын көрүстөнү жер менен жексен болуп, унутулат беле беле, ким билет? Жыл сайын жазында жүздөгөн голландиялыктар – арасында улгайып калган карыялар, жаштар Амерсфорт шаарынан алыс эмес жердеги бул токойго чогулушат. Шам жагышып, нацисттер тарабынан өлтүрүлгөн советтик 101 жоокерди эскеришет. Жарым кылым унутулуп келген окуянын курмандыктарын эскеришет.

Сүрөттүн автордук укугу NATIONAL ARCHIVES OF THE NETHERLANDS
Image caption Кийин бул көрсүтөнгө 865 советтик жоокердин сөөгү жашырылганы белгилүү болду. Алардын 101нен башкасын Германиядан жана Голландиянын ар кайсыл аймактарынан алып келишкен.

Тарыхтын бүктөмүндө унут калган бул окуя 18 жыл мурун белгилүү болду. Орусияда көп жылдар иштеп келген голландиялык журналист Ремко Рейдинг Амерсфортко кайтып келгенден кийин бул окуя тууралуу иликтеп, ачыкка чыгарды. Ал алгач советтик аскерлердин көрүстөнү тууралуу досунан уккан.

"Мен таң калдым. Бул жөнүндө мурда-кийин такыр уккан эмесмин. Мен көрүстөнгө келип, анан күбөлөрдүн издеп, архивдеги материалдарды казып баштадым',-деп айтып берди Рейдинг.

Кийин бул көрсүтөнгө 865 советтик жоокердин сөөгү жашырылганы белгилүү болду. Алардын 101нен башкасын Германиядан жана Голландиянын ар кайсыл аймактарынан алып келишкен.

Бирок ысымдары белгисиз 101 жоокерди Амерсфорттун өзүндө атышкан. Аларды Германия Советтер союзуна бастырып киргенде Смоленск жанында туткундап алышкан. Туткундарды пропагандалык максат менен Голландиянын нацисттер тарабынан басып алынган аймагына алып келишкен.

"Алар азият түспөлүндөгү туткундарды нацисттик идеяга каршылык көрсөтүп жаткан голландиялыктарга көрсөтүү үчүн атайын тандап алышкан. Аларды "untermenschen" -"адам эмес" деп аташып, советтик жарандар кандай экенин голландиялыктар көрөрү менен немистерге кошулуп кетет деп үмүттөнүшкөн',-дейт Рейдинг.

Сүрөттүн автордук укугу NATIONAL ARCHIVES OF THE NETHERLANDS
Image caption Лагердин комменданты Карл Петер Берг 1949-жылы атууга кеткен.

Амерсфорттогу концлагерде немистер голландиялык коммунисттерди кармашкан. Нацисттер дал ушул советтик туткундар алардын пикирин өзгөртөт деп үмүттөнүшкөн.

Туткундарды 1941-жылдын августунан тарта жергиликтүү еврейлер менен бирге кармашкан. Ал жерде кийин башка лагерлерге жөнөтүшмөк.

Бирок план ишке ашкан жок

91 жаштагы Хенк Брукхаузен көзү тирүү күбөлөрдүн бири. Ал өспүрүм курагындагы бул окуяны эскерип айтып берди. Шаарга келген советтик туткундарды акмалап, таң калып карашканын эскерди.

"Көзүмдү жумсам алардын жүзүн көрөм. Алар өтө эле жупуну кийинген, жоокердей деле кебетеси жок эле. Алардын жүзүн гана көрүүгө болот эле',-деп айтып берүүдө карыя.

"Нацисттер аларды шаардагы негизги көчө менен алып өтүшүп, бекеттен концлагердин өзүнө чейин бастырып, элге көрсөттү. Туткундар алсыз жана илмийген эле, буттарын эптеп чүпүрөк менен ороп алышкан. Айрымдары араң эле бутунда турган, аларды жанындагы курбалдаштары жөлөп-таяп турушкан",-деп кебин улады Брукхаузен.

Туткундар ары-бери өткөндөрдү көзү менен сыдыра тиктеп, аябай ачка экенин ымдап көрсөтүүгө аракеттенишкен экен.

Сүрөттүн автордук укугу NATIONAL ARCHIVES OF THE NETHERLANDS
Image caption Котормочу Алсхер орус тилин Польшада үйрөнгөн.

"Биз аларга суу жана нан алып берүүгө умтулдук-деп эскерет Брукхаузен. –Бирок нацисттер аныбызды колдон кагып түшүрүп, туткундарга жакындообузга мүмкүнчүлүк берген жок". Брукхаузен кийин бул туткундарды такыр көргөн эмес. Алардын концлагердеги кийинки тагдыры кандай болгонун да билбейт.

Рейдинг голландиялык архивдерди казып, иликтеп жүрүп, бул туткундар өзбектер экенин аныктаган. Лагердин жетекчилиги туткундар өзбек экенин көпкө чейин билген эмес экен. Кийин СС аскер бөлүгүнөн келген орусча сүйлөгөн офицер келип, туткундарды суракка алган учурда гана алардын ким экени белгилүү болгон.

Рейдингдин айтымында, алардын көпчүлүгү Самарканддан келишкен. "Балким алардын арасында казак, кыргыз же башкырлар деле болгондур, бирок негизинен өзбектер эле",-деп белгилейт иликтөөчү.

Image caption Ремко Рейдинг

Рейдинг иликтеп жүрүп, Борбор Азиядан келген туткундарга башкаларга караганда лагерде абдан начар мамиле болгонун билген.

"Лагерге келген алгачкы үч күндө өзбектерге тамак-аш бербей, туш тарабы тикен зым тартылган жерде, ачык асмандын алдында кармашкан",-дейт журналист.

"Немистердин тасма тартып жүргөн тобу бул "адам жапайылар" тамак үчүн кызыл-чеке болуп мушташа баштаган учурду тартып алууга даярдык көргөн. Бул сценанын пропаганда үчүн тартып алуу керек эле',-деп түшүндүрөт Рейдинг.

"Нацисттер ачкадан кезерген туткундарды көздөй нан ыргытып, мушташып талашат деп күтүп турушкан. Бирок аларды таң калтырып, туткундарды бири сабырдуулук менен нанды алып, башкаларына тең бөлүп берген. Башкалары чыдап аны күтүп турушкан. Эч ким мушташкан эмес. Нацисттер бул көрүнүшкө ичи чыкпай калган'.

Туткундар үчүн азаптын баары алдыда эле

"Ѳзбек туткундарга лагердеги башка кармалгандарга берилген тамактын жарымын беришкен. Эгер кимдир бирөө тамагын бөлүшүп берсе катуу жазалашып, бүтүндөй лагерди тамаксыз коюшкан',-дейт тарыхчы Баходир Узаков. Узаков азыр голландиялык Гауда шаарында жашап, Амерсфорттогу лагерь боюнча иликтеп жүргөндөрдүн бири.

Image caption 91 жаштагы Хенк Брукхаузен көзү тирүү күбөлөрдүн бири.

"Ѳзбек тутукундар картошканын кабыгын жешкенде нацисттер чочкого бериле турган жемди жеди деп сабашкан',-дейт тарыхчы.

Рейдинг архив материалдардан лагердеги күзөтчүлөрдүн жана туткундардын эскерүүлөрүн таап, өзбек туткундар ар дайым уруп-согууга кабылып, эң оор жумуштарга чегерилип турганын аныктаган. Архивдеги маалыматтар Рейдингдин "Атак таалаасынын балдары" китебинин негизин түздү. Рейдингдин изилдеген маалыматтарындагы үрөй учурган окуялардын бири, бул – лагердеги голландиялык дарыгер Николас ван Ньювенхаузен тууралуу окуя.

Сүрөттүн автордук укугу NATIONAL ARCHIVES OF THE NETHERLANDS
Image caption Доктор Николас ван Ньювенхаузен согуштан кийин 10 жылга камалган.

Эки өзбек туткун каза тапканда дарыгер башка тутукундарга алардын башын кесип алып, анан эти шылынып, тазаланганча кайнатууга буйрук берген.

"Дарыгер бул баш сөөктөрдү иликтөө үчүн жумушчу столуна коюп алган. Эмне деген наадандык!",-дейт Рейдинг.

Ачкалыктан жана сөөктөн өткөн сууктан өзбек тутукундар келемиштерди, чөп-чарды жеп жан сактоо айласын көрүшкөн. Бирок алардын 24ү 1941-жылдын ызгаар кышын жашай алышкан жок. Калган 77 туткун алсырап, иштөөгө дарманы жок, араң жан болуп калган.

1942-жылы апрель айында таң эрте туткундарды тургузуп, аларга Франциянын түштүгүндөгү башка легерге которуу тууралуу айтышып, ал жакта жылуу деп ишендиришкен дагы унаага салып лагерден алып чыгышкан.

Иш жүзүндө аларды жакынкы жердеги токойго алып келишкен дагы атып салышкан. Бул окуяга күбө болгон лагердеги күзөтчүлөрдүн, айдоочулардын айткандарына таянып, Рейдинг окуяны мындайча сүрөттөдү:

"Туткундардын айрымдары ыйлашкан, кээси өз өлүмүнө тике карап, бири-бири менен кол кармашып турушкан. Качып кетүүгө аракет кылгандарын немис жоккерлери кууп жетип, атып салган'.

Бул туткундардын өздүгү аныктоочу маалыматтар өтө эле аз. Нацисттер 1945-жылы май айында чегинип баратып, лагердеги архивдерди өрттөп кетишкен.

Сүрөттүн автордук укугу ARCHIEF EEMLAND
Image caption Сакталып калган сүрөт

Болгону бир гана сүрөт сакталып калган. Анда эки кишинин жүзү тартылган, ысымдары жазылган эмес.

Голландиялык туткундар кол менен тарткан тогуз портреттин экөөндө гана өзбек тутукундардын ысымы жазылган.

Сүрөттүн автордук укугу MUSEUM FLEHITE
Image caption Кадыров Хатам, Муратов Заир

"Ысымдары туура эмес жазылган. Бирок алардын айтылышы өзбек ысымдарына окшош. Сүрөттөгү ысымдардын бири Кадир Кзатам, экинчиси Муратов Зайер. Менимче, биринчи ысым Кадыров Хатам, экинчиси Муратов Заир болсо керек".

Сүрөттүн автордук укугу MUSEUM FLEHITE
Image caption Кадыров Хатам, Муратов Заир

Мен өзбек ысымдарын жана азиялык кебетедеги кишилерди көрөрүм менен эле тааныдым. Бул жаш жигиттердин портретин тигиле карап, алардын жашы болгону 20нын тегерегинде экенин болжоого болот. Алардын апасы уулуна ылайыктуу жар караштырып, атасы тойго кам уруп жаткан кырчындай курагында согуш башталгандыр. Акылыма балким ушулардын арасында менин дагы тууганым болгондур деген ой келди. Менин аталаш эки тууганым, жубайымдын чоң атасы дагы согуштан кайтпай калган эмеспи. Согушка катышкан 1,4 млн өзбекстандыктардын үчтөн бири үйүнө кайтпай калган. Кеминде 100 миңи азырга чейин дайынсыз жоголгондордун арасында.

Эмнеге Амерсфорттогу өзбек жоокерлери, ысымы белгилүү эки жоокердин деле ким экени, иликтенип, аныкталган эмес?

Мунун биринчи себеби, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийини муздак согуштун башталышы, Батыш Европа менен СССРдин бири-бирине идеологиялык душман болуп чыга келгени болгондур.

Экинчиси, Ѳзбекстандын 1991-жылы эгемендик алгандан кийин өткөн советтик доорду унутуу чечими. Согуштун ардагерлери мурдагыдай баатыр болбой калды. Согуштан кийинки 14 жетим баланы багып алган үй-бүлөнүн урматына тургузулган Ташкенттин борбордук аянтындагы эстелик алып салынган. Ѳлкөнүн азыркы Президенти бул эстеликти кайра ордуна коем деп убада бергенин дагы айта кетели. Жыйынтыктап айтканда ондогон жылдар мурун дайынсыз кеткен жоокерлерди издөө иши өзбек өкмөтүнүн приоритетине кирбейт, албетте.

Сүрөттүн автордук укугу NATIONAL ARCHIVES OF THE NETHERLANDS
Image caption Өзбек архивдеринен атып өлтүрүлгөн туткундардын ысымдарын табууга болот деген үмүттөр бар

Бирок Рейдинг ушуну менен эле токтоп калгысы жок. Ал өзбек архивдеринен атып өлтүрүлгөн туткундардын ысымдарын табууга үмүттөнүп турат.

"Советтик жоокерлердин арасындагы өлгөндүгү тууралуу маалыматтар жок же туткунда жүрүп тирүү калгандар тууралуу документтер жергиликтүү КГБ бөлүмүнө жөнөтүлүп турган. Менимче, 101 өзбек жоокери тууралуу маалымат дагы Ѳзбекстандын архивинде сакталып турса керек',-дейт Рейдинг.

"Эгерде мен ал архивдерге уруксат алсам, туткундардын көпчүлүгүнүн өздүгүн аныктай алам деп ишенем',-деди Ремко Рейдинг. (AbA)

Тектеш темалар