Сенат Флиннден Россияга байланыштуу документтерди талап кылды

Майкл Флинн февралда кызматынан кеткен эле.
Image caption Майкл Флинн февралда кызматынан кеткен эле.

АКШнын чалгын боюнча комитети улуттук коопсуздук боюнча мурдакы кеңешчи Майкл Флинге АКШдагы президенттик шайлоого Россиянын кийлигишкенин иликтөө үчүн зарыл болгон документтерди талап кылган кат жөнөттү.

Сенатор-республикачыл Томас Бар менен демократ Марк Уорнер комитет адегенде Флиннге жана Дональд Трамптын башка кеңешчилерине кайрылып, документтерди ыктыярдуу түрдө берүүсүн өтүнүшкөн. Бирок генерал бул өтүнүчтү аткаруудан баш тарткан.

Шейшембиде Уорнер комитет иликтөө жүргүзүүдө ыктыярдуу түрдө кызматташуудан баш тартып жаткандарга карата кошумча чаралар көрүлгөнү жатканын билдирген эле.

Катты алгандан кийин талап кылынган документтерди берүүдөн баш тартуу Конгрессти сыйлабоо катары каралат жана тийиштүү түрдө акчалай айып салынат же эркинен ажыратуу жазасы көрүлүшү мүмкүн.

Флинн АКШдагы президенттик шайлоого Россиянын ыктымал таасири жөнүндө иликтөөдө Флинн орчундуу адам болуп калган. Москва өз кезегинде башка өлкөнүн ички ишине кийлигишкенин төгүндөп келатат.

Феврал айында Флинн жетекчиликке туура эмес маалымат бергенин мойнуна алып, кызматынан кеткен. Кеп атап айтканда вице-президент Майк Пенске Вашингтондогу орус элчиси Сергей Кисляк менен декабрдын аягындагы байланыштар жөнүндө берилген маалымат жөнүндө болуп жатат.

Марттын аягында Флинн присяга алдында АКШдагы шайлоолорго Москванын таасири жөнүндө өзү билгендин баарын айтып берүүгө макул болгон, бирок өзүн кылмыш жоопкерчилигинен коргоп калууну талап кылган.

Ал эми Конгрессте адегенде көбүрөөк документ чогултуп, күбөлөрдү сурап чыгуу керек деп жатышат.

Шейшембиде Трамп күтүүсүз түрдө ФБРдин башчысы Джеймса Комини кызматтан алып салды. Ал Трамптын командасынын Россия менен байланыштарын иликтөө иштерин жетектеп жатканы белгилүү эле.

Америкалык көп саясатчылар президент иликтөөгө тоскоол болуп жататат деп бул чечимди сынга алып чыгышты..

Ак үйдүн өзүндө Комиге президенттин, юстиция министрлигинин, конгресс мүчөлөрүнүн, ФБРдин кызматкерлеринин ишеними кеткени аны кызматтан алуунун негизги себеби экенин билдирип жатышат. (KC)

Тема боюнча башка макалалар