Сириялык көтөрүлүшчүлөр «ИМ» тобун Табкадан сүрүп чыгарды

Сириялык көтөрүлүшчүлөр «ИМ» тобун Табкадан сүрүп чыгарды Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириялык көтөрүлүшчүлөр «ИМ» тобун Табкадан сүрүп чыгарды

Сириялык күрттөрдүн жана араб жоокерлеринин союзу стратегиялык маанидеги Табка шаарынан өздөрүн 'Ислам мамлекети' атаган экстремисттик топтун согушкерлерин сүрүп чыгарганын билдирүүдө.

'Сириядагы демократиялык күчтөр' альянсы 'шаар толук бошотулду' жана жихадчылар кармап турган Раккадан батыш тарапты көздөй 40 чакырым алыстыктагы суу дамбасы дагы бошотулду деп кабарлоодо.

Шаар үчүн болгон кармаш бир нече аптага созулду. 'ИМ' экстремисттик тобу жанкечтилердин жана көзгө атарлардын жардамы менен катуу коргонду.

Экстремисттер шаардын түндүк райондорун жана суу дамбасын акыр аягына чейин кармап турду. БУУ эгерде дамба ураса, анда аймакты суу каптоо коркунучу бар экенин эскерткен.

Сириялык көтөрүлүшчүлөрдүн өкүлдөрүнүн айтымында, учуруда шаарда тинтүү жүрүп, шаарды согушкерлерден толук тазалоо иштери уланып жатат.

Соңку эки жылда 'Сириядагы демократиялык күчтөр' альянсы АКШ башында турган эл аралык коалициянын абадан көрсөткөн колдоосу менен Сириянын аймагындагы болжолу алты миң чакырым аймакты 'ИМ' тобунан бошотту.

Табканын алынышы 2014-жылдын январынан тарта 'ИМ' экстремисттик тобу көзөмөлдөп келген Ракка шаарына барууга көтөрүлүшчүлөргө жаңы жол ачты.

Ракка Сириядагы жихадчылардын негизги коргонуусу эсептелет. Ракканы бошотуу операциясы 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Андан бери көтөрүлүшчүлөр шаардын Түндүк жана Чыгыш аймактарын ээлей алды.

Февраль башында АКШ колдоого алган күрт жана араб бөлүктөрү Раккага жаңы чабуул башталганын жарыялаган эле.