Дональд Трамп: Мен ФБРдин тергөөсүндө эмесмин

Трамп ФБРдин башчысын кызматтан алууну жеке өзү чечкенин айтты.
Image caption Трамп ФБРдин башчысын кызматтан алууну жеке өзү чечкенин айтты.

АКШнын президенти Дональлд Трамп ФБРдин иликтөөсүнүн объектиси эмес экенин билдирип, ал эми шаршембиде кызматтан алынган Джеймс Комини “өзүн реклама кылып жүргөн”, “позер” деп атады.

NBC News телеканалындагы маегинде Трамп ошондой эле ФБРдин башчысын кызматтан алууну жеке өзү чечкенин айтты.

Джеймс Коми АКШда өткөн жылы болгон шайлоого Россиянын ыктымал кийлигишүүсү болгонун жана Трамптын штабы менен Кремлдин ортосунда жашыруун байланыш болгонун иликтөө иштеринин башында турган болчу.

Трамп ФБРдин директорун кызматтан алгандан кийинки биринчи маегинде Комиден президенттин өзү иликтөө алдында экенин сураганын айтып берди.

"Мен сурадым: Эгер мүмкүн болсо айтыңызчы, мен тергөөдө бармынбы? Ал “Сиз тергөөдө жоксуз” деп жооп берди”,-дейт Трамп.

"Мен тергөөдө жок экенимди билем”, - деп кайталады президент.

Трамп андан кийин президент Комини Юстиция министрлигинин чоңдорунун сунушу боюнча бошоткону жөнүндө Ак үй кечээ тараткан билдирүүсүнө туура келбеген билдирүү жасады.

"Ал өзүн өзү рекламалап жүргөн. Ал позер. ФБРда иш баш-аламан. Мен Комини кызматтан алайын деп жаткам, бул менин чечимим,-деди Трамп. – Мен башкалардын сунушу болсо-болбосо да аны кызматтан алайын деп жаткам”.

'Өтө маанилүү иликтөө'

Ак үйдөн Россияга байланышкан иликтөөнү ФБР аткарып жаткан маселелердин ичинен 'балким, анчалык маанилүү эмес маселелердин бири' деп аташууда.

Ошол эле учурда ФБРдин директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Маккейб бейшембиде 'бул өтө маанилүү иликтөө' деп айтты.

Бейшембиде сенаттын чалгын боюнча комитетинде сүйлөп жатып, Маккейб мурдакы директор өзүнүн кызматкерлеринин ишениминен кеткен деген Ак үйдүн билдирүүсүн да төгүндөдү.

"Кызматкерлердин басымдуу көпчүлүгү директор Коми менен жакшы, ишенимдүү мамиледе болушкан деп ишенимдүү айта алам',-деди Маккейб.

ФБРдин директорунун милдетин аткаруучу иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө Ак үйгө айтпоону жана анын жүрүшүнө ар кандай кийлигишүүлөр жөнүндө сенат комитетине билдирип турууну убада кылды.

Комитет башчысы Ричард Берр ушул жыйында Маккейбден ФБР башчысы президентке ал тергөөдө жок экени жөнүндө айткан сөз болгон-болбогонун сурады.

Маккейб иликтөө иштери уланып жаткандыктан бул боюнча комментарий бере албасын билдирди. (КС)