Британ мектептеринен жүздөгөн бычак жана самурай кылычы табылган

Press Association докладындагы маалыматтарга караганда эки жыл ичинде алынган куралдардын саны 2579 даанага барат.
Image caption Press Association докладындагы маалыматтарга караганда эки жыл ичинде алынган куралдардын саны 2579 даанага барат.

Англия менен Уэльстин полициясы соңку эки жыл ичинде мектептерден 2,5миң курал-жарактарды таап чыккан. Анын ичинде самурай кылычы, балталаржана пневматикалык тапанчалар бар.

Press Association докладындагы маалыматтарга караганда эки жыл ичиндеалынган куралдардын саны 2579 даанага барат.Жергиликтүү полиция алынган куралдардын 20 пайызын бычак жана кылычтартүзөрүн билдирди.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринен кеминде 26даана пневматикалык курал жана колго жасалган ок атуучу куралдартабылган. Мектептердин биринен полициянын атайын союлу дагы табылды.Полиция конфискация кылган куралдын ээлери он жашка чейинки кеминде 47окуучу деп айтылууда.

"Акыркы учурларда биз көбүнесе жаштар арасында бычак алып жүргөндөрдүкөрүп жатабыз. Бул абдан тынчсыздандырган көрүнүш. Мындай тенденцияныжок кылуу үчүн мыйзамсыз курал алып жүргөндөрдү ачыкка чыгарып, жалпыулуттук операцияларды өткөрүп, жашы жетелек балдарга курал сатуунун көлөмүн азайтуунун үстүнөн иш алып барып жатабыз',-деп билдирдиполициянын Улуттук кеңешинин мүчөсү Альф Хичкок.

Мектеп жана коллеждер жетекчилигинин Ассоциациясынын баш катчысы ЖеффБартондун айтымында, бул маселеде билим берүү мекемелери 'полицияменен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, айрым учурда мектепти полиция күзөткө алууда'.

Бартон билдиргендей кээ бир мектептерде атайын темирди аныктай турган детекторлор дагы коюлду. Эгерде жанынан курал табылса окуучууга катуу чара көрүлөрү эскертилген.