Петербургдагы жардырууга шектелип дагы бир киши кармалды

Санкт-Петербургдагы жардыруу боюнча теги борбор азиялык ондон ашык адам кармалды.
Image caption Санкт-Петербургдагы жардыруу боюнча теги борбор азиялык ондон ашык адам кармалды.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Санкт-Петербургдагы метродоболгон жардырууну ишке ашырган киши менен байланышта болгон деп дагы бир шектүүнү Москвадан кармаганын билдирди.

Кармалган шектүүнүн тегиборборазиялык деп айтылды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган Эрматов М.Б.жардыргыч каражаттарды мыйзамсыз соодалаган жана 3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы жардырууну ишке ашырган делген Акбаржон Жалилов менен байланышы болушу мүмкүн.

Федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борборутараткан маалыматта шектүү Орусиянын Тергөө комитетинин 'өзүнчө тергөө тапшырмасы' менен кармалганы айтылат. Санкт-Петербург метросундагы жардыруу боюнча буга чейин кармалгандардын арасында Ибрагимжон Эрматов деген ысым бар.

Image caption Петербургдагы жардыруудан он алты адамдын өмүрү кыйылды

Москвадан кармалган шектүүнүн бул кишиге туугандык байланышы бар же жок экенин азырынча коопсуздук кызматы ырастаган жок.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алган. Андантышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу 'Площади Восстания'станциясынан табылган. Орусиянын Тергөө комитети 'теракт' беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны ишке ашырган деп теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду шектүү аташкан эле.

Терактан каза тапкандар саны 16 кишиге жеткен.Жардыруудан кийин Москвада жана Санкт-Петербургда Борбор Азияөлкөлөрүнөн келген бир нече киши камакка алынды.Орусиянын атайын кызматы аларды террордук уюмдарга катыштыгы болгонжана метродогу жардырууга тиешеси бар деген шек менен кармаганынайткан.

20-апрелде Федералдык коопсуздук кызматынын директору АлександрБортников тергөөдө жардырууга буюуртма берген киши аныкталганынбилдирген эле. Бирок бул тууралуу кеңири маалымат берген эмес.