ВИЧ жуктургандар башкалардай эле узак жашай алат

ВИЧти эрте аныктоо жана учурунда дарылануу жашоо үчүн маанилүү дешет адистер
Image caption ВИЧти эрте аныктоо жана учурунда дарылануу жашоо үчүн маанилүү дешет адистер

Британиялык окумуштуулар Европа менен Түндүк Америкадагы ВИЧке каршы дарылоо ыкмалары жакшыргандыктан ага кабылгандар башкалардай эле узактыкта өмүр сүрөт дешүүдө.

Англиядагы Бристоль университети 90 миңге чукул ВИЧ жугузган кишини изилдеди. Ал изилдөөнүн жыйынтыктарында 2008-жылы 21 жашта дарылана баштаган адам орточо жетимиш жыл жашайт деа айтылат.

Европада жана Түндүк Америкада ВИЧ жуктурган 88 500 адам 18 түрдүү изилдөөгө катышты.

2008-жыл менен 2010-жылдын ортосунда дарыланып баштагандар 1996-жылдан 2007-жылга чейин дарылангандарга салыштырмалуу аз көз жумган. Бул кийинки дарылоо кымалары жакшырганын көрсөтүүдө.

Муну америкалык дарыгер Энтони Фаучи түшүндүрүп берди:

Image caption Жаңы дарылар жана дарылоо ыкмалары ВИЧ жугузгандарга жашоо мүмкүнчүлүгүн берүүдө

“Менин Вашингтондогу клиникама 20 жаштын тегерегиндеги, ВИЧти жакында жуктурдум деген бейтап келсе, мен аны эсептеп чыгам. Эгер ал дарыны такай ичип жаткан болсо, дагы элүү жыл жашашы ыктымал дейм. Бул 20 жаштагы, АКШда жашаган, эркек болсо ушундай жана ал башкалардын өмүр узактыгына жакындап жатат”.

Бристоль университетинин өкүлү, изилдөөнүн авторлорунун бири Маргарет Мэйдин айтымында, ВИЧ жугузгандардын кадимкидей эле жашап кетшинин бир нече себеби бар.

Биринчиден, дартты эрте аныктап, дарылоо маанилүү. Жаңы дарылар жакшы жыйынтык берүүдө.

“ВИЧ жугузган адамдар аны эрте аныктап, дарылоону учурунда баштаса, азыр башка адамдар сыяктуу эле жашай алат”, - дейт Мэй.

Бирок медицинадагы мындай жылыштарга карабай, ВИЧ жуктургандар дале салыштырмалуу узак жашабайт, айрыкча ийне аркылуу жугузгандар.

Ар кандай уюмдар көптөгөн адамдар ВИЧ жугузган билбейт дешет.

Түндүк Америка менен Европада эки миилиондой адам ВИЧ жугузган. Ал эми дүйнөдө 36 миллион чамалуу, анын көпчүлүк бөлүгү Африкага туура келет.(АК)