Шри-Ланкада пилдер менен кишилер бири-бирин өлтүрүүдө

РаджаТурай пилдин кол салуусунан кызын жоготкон
Image caption РаджаТурай пилдин кол салуусунан кызын жоготкон

Шри-Ланкада кишилер менен пилдер конфликт абалында жашап келүүдө. Бул айбанат менен кишилер ортосундагы конфликт башка өлкөлөргө салыштырганда абдан ырайымсыздыгы менен айрымаланат.

Жыл сайын бул жерде 250 пил өлтүрүлүп, ошол эле учурда пилдердин кол салуусунан 70 киши каза табат. Трагедиялуу окуялар көбүнчө жарандык согуштан кийин кишилер жок ээн калган аймактарда орун алууда.

Ѳткөн жылдын июнь айында алты жаштагы Сулоджини менен атасы РаджаТурай дарыянын бойлоп үйүн көздөй келе жатканда, бадалдардын арасынан жинденген пил чыга калып кол салган.

"Пил бизди көздөй атырылып, мурду менен жыга койгондо ээсим ооп калыптыр. Өзүмө келсем кызымдын денеси муздап, оо дүйнө кете берген экен”,-деп эскерди Турай.

Бул окуя Турайдын айылы Пааваткодиччинайга жакын жерде болгон. Aймак Шри-Ланканын Чыгыш провинцисында жайгашып, туш тарабын мөмөлүү дарактар жана күрүч талаалары курчап турат.

"Мен эки баламдан айрылдым, уулум согушта каза тапты, кызымды пил өлтүрдү”,-деди Турай.

Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES

Провинцияны тамилдер байырлашат. Тамилдер - Шри-Ланкадагы этникалык азчылыкты түзгөн калк. Жарандык согуш учурунда бул жерде көтөрүлүшчүл“Тамил-Жолборстору” кыймылы аракеттенген. Анын арты менен Чыгыш провинциясы өкмөттүк аскерлердин бутасына кабылган.

Тынымсыз ок атуулардан качкан жергиликтүүлөр өз конуштарын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Раджа Турай 2007-жылдан бүлөсү менен качкындар лагеринде баш калкалап жүргөн. 2009-жылы согуш бүткөндө өз үйүнө кайтып келип, конушту пилдер ээлеп алганын көрөт. Азыр эми көлөмдүү айбанаттар айылды ар дайым коркунучта кармайт. Өзгөчө түн ичинде азык издеп, эгин таалаларын көздөй чыккан пилдер үйлөргө чейин жетип келишет.

"Биз аларды коркутканга аракет кылып көрдүк. Бирок алар кайра-кайра айылга келе беришет. Азыр эми түнү уйку жок болуп калды”,-деп айтып берүүдө Турай.

Айылдагы үйлөрдүн көбү пилдердин түнкү жортуулуна кабылды. Турайдын үйүнүн дубалындагы жыгачтар дагы пилдердин чабуулунан кийин жарылып турганын көрүүгө болот. Бул Сулоджини каза боло электе болгон экен.

"Түнкү саат экилер чамасында болду,-деп эскерет Турай. –Пил чуркап келип, үйдүн чатырын тарактатып, дубалды уругулаган”.

Image caption Индрани Сулоджининин бут кийимин көрсөтүүдө, тыныкелер үйдүн бузулган дубалын тосуп турат

Бул окуядан абдан коркуп калган кызы Сулоджини кийин ооруп да калган экен. Азыр ата-энесинде Сулоджинин сүрөтү да сакталып калган эмес. Болгону алар кызынын кызыл түстөгү бут кийимин гана сактап жүрүшөт.

Азыр айылдагылар өз ыктыяры менен түн ичинде кезеги менен күзөттө турушат. Пилдерди коркутуу үчүн аларда петардалар бар. Бирок адистер бул каражат анчалык деле мыкты эмес дешет.

Доктор Пруту Фернандо эколог, ал өмүрүнүн көбүн Шри-Ланкадагы пилдер менен адамдар ортосундагы тынч жашоону түзүүгө жумшап келет.

"Эгерде пилдер өсүмдүктөрдү жеп жатса, кишилер катуу кыйкырып коркутканга аракет кылат. Пил коркуп качып кетет. Кийин пил кыйкырыктан эч кандай зыян жок экенин аңдап түшүнүп алып, беймарал келип, өсүмдүк тааласын тебелеп, азык издей берет”,-дейт Фернандо.

Андан кийин кишилер аны коркутуунун башка жолун издешет. Ага таш ыргытып көрүштү, андан соң от жагып коркутушту. Эми катуу жарылган петардаларды колдоно башташты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Балдар үйгө үйрөтүлгөн пил менен бир сууга түшүүдө

"Кээ бир петардалар бомба сыяктуу эле жарылат, -дейт Фернандо. – Бирок пил дегениң ага да бат эле көнө түшөт экен дагы, зыян тартпагандан кийин катуу доошуна карабай мөмө-жемиш эгилген талааларды көздөй келе берет. Акыр аягында кишилер пилдерди өлтүрө башташат. Ошентип конфликт күчөйт”.

Фернандо мөмө-жемиштер бышып баштаган учурда аянтты электр тогу туташтырылган зым менен курчоого алууну биринчилерден болуп пайдаланган. Эгин жыйналгандан кийин кайра тосмону алып салышат. Ал учурда пилдер кенен-кесири жүрө берсе болот.

Шри-Ланкада азыр 3500 чакырым ушундай тосмолор бар. Бирок алардын көбү керек болгон жерде турбай калган. Адистин айтымында мындай тосмолорду туура иштетсе пайдасы сөзсүз болот. Айталы, пилдер өздөштүрүп алган жерлерге өтпөш керек. Ошону менен мындай тосмолор эч кандай агрессияны жаратпайт жана тынч жашоого шарт түзөт.

Азыр деле айрым тургундар жапайы пилдер менен гармонияда жашап келүүдө. Ратхугал Веддхтин коому Шри-Ланканын түштүк-чыгышындагы Гал-Ойяулуттук паркынан анчейин алыс эмес жерде жашайт. Ал түпкү аталары бул аралга биринчилерден болуп жашап калганын айтып, өзүн ошолордун урпагымын деп эсептейт.

Image caption Ратхугала Веддха коомчулугу пилдердин келишин сезет

Кыштактын жашоочулары токойдо кудайга жана рухтарга кайрылып, коргоого алуусу үчүн сыйынып турушат. Алар пилдер кол салып же өлтүрүп кеткен бир да учурду билишпейт.

"Пилдер жакындап калганын биз сезип, туйабыз,-дейт Порамал Атто.–Бизде ошондой касиет бар”.

Болжолу булар пилдердеги инфраүн коммуникациясы тууралуу айтып жатса керек. Узак жылдар боюу жапайы пилдер менен ийиндешип жашап жүрүп, аны мыктылап өздөштүрүп алышкандай.

Image caption Адам колунан жабыркаган пил

Порамал Аттонун айтымында, ал Шри-Ланкадагы башка тургундарга деле пилден коргонуу айлалары тууралуу үйрөтмөк. Бирок бул деген чоң искусство, аны бат эле үйрөнүп алуу мүмкүн эмес дейт.

Конфликт бир гана кишилерге зыянын тийгизип жаткан жок. Андан пилдер да жабыр тартышат. Бул – Лейла деген пил мөмөмгө кошуп атайын коюлган катуу үн чыгарган жардыргычты жеп алган. Бомба пилдин оозунда жарылып кетип, жаагын талкалап, тилине зыянын тийгизген экен. Пилди жапайы жаратылыш департаментинин атайын мекемесинде дарылап жатышат.

"Катуу үн чыгарган бомбаны жеп алып өлүп калган пилдердин саны жогору”,-дейт нөөмөтчү ветеринар Пинидияге Манодж Акаланка.

Мындай өлүм аябай ырайымсыз. Пилдер эч нерсе жей албай калып өлүшөт. Ушул эле райондо бир жылда мындай 40 учур катталган.

Сулоджинини пил өлтүрүп салган окуядан кийин бул айылга электр жарыгын тартып жеткиришти. Эми атайын зым менен тосмо жасаса болот. Өкмөт болсо али бул маселеге баш оорута электей, эч кандай чаралар байкалбайт.

Деген менен мамлекет пилдердин агрессиясынан жакыны каза тапкан бүлөөлөргө атайын каржат төлөп берет. Ал каражат 500 миң рупий (3278 АКШ доллары). Бирок ата-эненин кайгысын кантип бөксөртө алмак да, мерт кеткен балдарды ким кайрып бере алмак... (AbA)