КЭДР баллистикалык ракета учурду

КЭДР ири өзөктүк курал алып жүрө турган ракетанын ийгиликтүү учурулганын билдирүүдө.
Image caption КЭДР ири өзөктүк курал алып жүрө турган ракетанын ийгиликтүү учурулганын билдирүүдө.

КЭДР орто алыстыктагы ракетаны ийгиликтүү учурганын Түндүк Кореянын ЦТАК расмий агенттиги билдирди. Анда ракетанын ири өзөктүк курал алып жүрүү мүмкүнчүлүгү сыноодон өткөрүлгөнү да айтылууда.

Ракета коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч туудурбай турган эсеп-чот менен учурулду. ЦТАКтын маалыматына караганда, ракета 787 км аралыкка учту жана бийиктиги 2111 кмге барабар болду.

Түштүк Кореялык Ренхап агенттиги КЭДРдин телекөрсөтүүсүнө шилтеме берип, учурулган ракета "Хвасон-12" деп аталарын кабарлады.

Түндүк Кореядагы кезектеги ракета сыноосу жөнүндө 14-майга караган түнү белгилүү болду. CNNдин маалыматтарына караганда, ракета Владивостоктон 100 км аралыкка барып түштү.

Россиянын Коргоо министрлиги өз кезегинде ракета Россиянын чек арасынан 500 км учуп барып Япон деңизине түшкөнүн айтууда.

КЭДР апрелде эки жолу ракета сыноосун өткөрүп, эки жолу тең ийгиликсиз болгон – эки ракета тең учуп баштаган биринчи мүнөттөрдө эле жарылып кеткен.

АКШ менен Түштүк Корея 14-майда болгон ракета сыноосун айыптап чыгышты. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли түндүк кореялык лидер Ким Чен Ын 'акылынан айныган абалда турат' деп билдирди.

Ошондой эле ракета сыноосун Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь менен Россия президенти Владимир Путин дагы талкуулашты.

'Бул кырдаалдын өнүгүшүнө жана чыңалуунун өсүп жатканына карата эки тарап тең тынчсыздануу билдирди',- деп айтты 14-майда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Тема боюнча башка макалалар