Россия менен Сауд Аравия мунай өндүрүүнү чектөөнү узартууну чечишти

ОПЕКке кирбеген он бир өлкө баары биригип суткасына 558 миң баррель кыскартууга макул болушкан
Image caption ОПЕКке кирбеген он бир өлкө баары биригип суткасына 558 миң баррель кыскартууга макул болушкан

Россия менен Сауд Аравия мунай өндүрүүнү кыскартууну дагы тогуз айга, башкача айтканда келерки жылдын март айына чейин узартууга даяр экендиктерин жарыя кылышты. Бул жөнүндө Россиянын энергетика министри Александр Новак менен Сауд Аравиянын энергетика министри Халид аль-Фалихтин Бейжиндеги жолугушуусунан кийин жарыяланды.

"РИА Новости" таркаткан маалыматка караганда, министрлер мунай өндүрүүнү кыскартуу маселесинде толук мунасага жетиш үчүн 24-майга чейин башка өлкөлөр менен кеңешүү иштерин жүргүзүзүшмөкчү. Министрлер ошол эле учурда башка өлкөлөр көбүрөөк санда колдойт деген үмүтүн билдиришти.

Россиянын энергетика министри Александр Новак бул кадамдын максаты мунай рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу экенин белгиледи.

'Бул узартуу рыноктун туруктуулугуна багытталган жалпы ишибиз үчүн бери дегенде келерки жылдын 1- апрелине чейин максатка ылайык деп эсептейбиз',-деди Александр Новак.

2016-жылы 30-ноябрда ОПЕКтин өлкөлөрү мунай өндүрүүнү суткасына миллиондон ашык көлөмгө кыскартуу жөнүндө макулдашкан болчу. Бул 2008-жылдагы мунай өндүрүүнүн азайышынан кийин биринчи жолу макулдашылган кыскартуу болуп саналат.

ОПЕКке кирбеген он бир өлкө баары биригип суткасына 558 миң баррель кыскартууга макул болушкан. Анын ичинде Россия суткасына 300 миң баррель кыскарткан.

Эми бул маселе боюнча акыркы бүтүм 25-майда кабыл алынат. Бардык өлкөлөр үчүн, анын ичинде Россияга да мурдакы шарттар калат деп айтылууда.

Россия менен Сауд Аравиянын билдирүүсүнөн кийин биржаларда мунай көрсөткүчтөрү өсүп жатканы байкалууда.

Лондондогу ICE биржасында Брент маркасындагы мунайдын баасы май айынан бери биринчи жолу 52 доллардан ашты.