Шотландиядан Орусияга узак сапар

Тоодогу жол Сүрөттүн автордук укугу James Parker

Шотландиядан унаа менен Орусияга чейин канча убакытта жетсе болот? Жеймс Паркер кайрымдуулукка каражат топтоо үчүн 1972-жылкы Morris Minor унаасы менен 15,929 чакырым аралыкты жүрдү.

Фотограф 19 мамлекет, үч чөл жана эки деңиз аркылуу өтүп, 53 күн жолдо жүрдү.

Паркер негизинен эркек тургундарды сүрөткө түшүргөн. Сүрөтчү Батыш менен Чыгыштагы эркекке карата көз караштын айырмачылыгын изилдөөгө алган.

Жылкы менен адам Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Велосипед тепкен бала Сүрөттүн автордук укугу James Parker

Паркер сапарында: "турмушта өзүм кабылган учурларды чагылдырыптырмын. Көп сүрөттөрдө өзүмдү көрдүм", -деп айтты.

Ал себептен өнөрпоз өзүнө окшош жаш жигиттерди жана алардын транспорт каражаттарын тарткан. Паркер: "дүйнө жүзүндө велосипед негизги транспорт каражаты катары саналганына күбөл болдум", -деп белгиледи.

Велосипед тепкен балдар Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Көлөкөдө жашынган ит Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Жүк ташуучу унаадагы жигиттер Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Morris Minor Сүрөттүн автордук укугу James Parker

Адаттан тыш унаа менен сапарга чыкканы дагы көптөрдүн көңүлүн бурду.

"Биз эс алалы деп токтоп калсак эле жергиликтүүлөр бизге кофе жана башка тамактарын көтөрүп келишчү", -дейт Паркер.

"Бир учурда он механик чогулуп, унаамды карап калышты. Мага 'Формула-1' сыяктуу эле сезилди. Арийне механиктердин курсактары чоң болчу!"

Дарбыз көтөргөн үч адам Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Кесилиштеги унаа Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Багбанчылык менен алектенген адам Сүрөттүн автордук укугу James Parker

Паркер сапарында көп кызыктуу окуяларга күбө болгону менен 10 саат бою унаа айдоо өтө оор экенин айтат.

Айрым учурда алыскы аймактарда унаага май жана азык-түлүк табуу кыйынчылыктарды түзгөн.

Ошондой эле Паркерди жолдо коопсуздук кызматкерлери көп токтоткон. Ал "бир жолу тамеки берип кутулганым эсимде", -деп күлөт.

Эки өспүрүм Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Курулушта иштеп жаткан адам Сүрөттүн автордук укугу James Parker
Баткак жол Сүрөттүн автордук укугу James Parker

Ага карабатсан Паркер: "Гоби чөлүндө ачык асман алдында уктаганым, Стамбул шаарында төңкөрүш аракети учурунда адашып кеткендигим жана Каппадокияда күн чыгып жатканда аба шарына отурганым эсимден кетпейт", -деп айтты.

Ал эми эски унаасынын дөңгөлөгү бир да жолу жарылбаптыр.

Чөлдөгү жылкылар Сүрөттүн автордук укугу James Parker

Сүрөттөрдүн баарын James Parker тарткан.