АКШ: Асаддын режими абакта өлгөндөрдү крематорийде өрттөйт

Жонс журналисттерге спутниктен тартылган эки сүрөттү көрсөттү. Ал сүрөттөр 2015-жылдын январында тартылган. Сүрөттүн автордук укугу Amnesty International
Image caption Жонс журналисттерге спутниктен тартылган эки сүрөттү көрсөттү. Ал сүрөттөр 2015-жылдын январында тартылган.

АКШ мамлекеттик департаменти Сириянын Саедная аскер түрмөсүндөгү крематорий жайы делген спутниктен тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Америкалык дипломаттар абак жайындагы крематорий кыйноого кабылып, каза тапкандардын сөөгүн өрттөп жиберүү максатында курулган деген пикирде. Мунун баары сөз жок Орусия менен Ирандын коолдоосу астында жүрүп жатат деп билдирди мамлекеттик департаменттин өкүлү.

"Сирия режиминин жырткычтыгы тууралуу буга чейин АКШ бир нече ирет билдирүү жасаганы бар. Бул кылмыштар менимче, Орусия менен Ирандын колдоосу астында жасалып жатат. Орусия өзүнүн сириялык режимге таасирин колдонуп, мындай жырткычтыкка чекит коюшу керек",-деп билдирди дүйшөмбүдө АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы дипломаты Стюарт Жонс.

Жонс журналисттерге спутниктен тартылган эки сүрөттү көрсөттү. Ал сүрөттөр 2015-жылдын январында тартылган. Сүрөткө Саедная абак жайындагы кошумча курулуштар тартылган.

"Бүгүн биз айтып жаткан фактылар эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын далилдерине, чалгын кызматынын маалыматтарына жана басма сөздөгү кабарларга негизделген. Биз ишенимдүү түрдө сириялык режим Саедная түрмөсүндө крематорий жайын курган деп айта алабыз. Аны абакта өлгөндөрдүн сөөгүн жок кылуу, кылмышын жашыруу максатында пайдаланган",-деди Жонс.

АКШ тарап бул сүрөттөрдү Amnesty International укук коргоо уюмунун жакында эле бул абак жайындагы кыйноолор боюнча айтып чыккан билдирүүсү дагы тастыктап турарын айтууда. Аталган уюм түрмөнүн мурдагы күзөтчүлөрүнүн жана бул абак жайында олтуруп чыккандардын айткандарына таянып, докладдын жарыялаган эле. Уюм бул доклад кыйноолорду башынан кечирген 65 кишинин интервьюсунан турарын билдирген. Анда алар абак жайындагы үрөй учурган зомбулуктар тууралуу айтып беришет.

Amnesty International берген баасына караганда, Сириядагы көтөрүлүш башталган 2011-жылдын мартынан тарта 2015-жылдын декабрына чейин абак жайында 17 723 киши каза тапкан. Орточо эсеп менен алганда күнүгө ондон киши өлгөн. Эркинен ажыратылгандар абак жайына келери менен уруп-сабоого кабылышкан деп айтылат докладда.

Бирок Сириянын өкмөтү мындай айыптоолорду четке кагып келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар