SpaceX учактарды Wi-Fi менен камсыздай турган спутник учурду

Falcon 9 Флорида штатындагы Канаверал тумшугунда жайгашкан космодромдон учурулду. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Falcon 9 Флорида штатындагы Канаверал тумшугунда жайгашкан космодромдон учурулду.

Америкалык жеке менчик SpaceX компаниясына таандык ракета ташуучу Falcon 9 орбитага Inmarsat-5 F4 телекоммуникациялык спутнигин чыгарды. Ал башка спутниктердин жардамы менен учактарды жана деңиздеги кемелерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылат.

Falcon 9 Флорида штатындагы Канаверал тумшугунда жайгашкан космодромдон учурулду.

Inmarsat-5 F4 - абада жана деңизде, кургакта жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо үчүн ишке киригизилген Global Xpress орбиталык тобундагы төртүнчү спутник болуп калмакчы.

Inmarsat-5 F4 спутниги Boeing корпорациясы тарабынан чыгарылган. Салмагы алты тоннага чукул. Азыркы учурда бул Falcon 9 орбитага алып чыккан эң оор салмактагы жүк болду. Ошондуктан компания жүк жеткирген ракета ташуучунун биринчи баскычын Жерге кайтарбоону чечкен. Оор жүк орбитага жеткенге чейин көп энергия сарпталып, ракетанын жерге кайтышына күйүүчү май жетпей калат деди компания.

2017-жылдын февралында Илон Маскка таандык SpaceX компаниясы орбитага оор жүк тарткан кемени ийгиликтүү алып чыгып, Жерге ракета ташуучунун биринчи баскычын кайтарып кондурууга мүмкүн болгон эле.

Бир ай өткөндөн кийин SpaceX тарыхта биринчи жолу ракета ташуучуну кайрадан космоско учурган. (AbA)