ММК: "Трамп "ИМ" тууралуу жашыруун маалыматтарды Орусия менен бөлүштү"

АКШ Президенти Дональд Трамп Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Сүрөттүн автордук укугу EPA

Washington Post жана New York Times басылмалары Вашингтондогу ысымы аталбаган чиновниктерге шилтеме берип, АКШ Президенти Дональд Трамп Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна таандык жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарып жибергенин жазды.

Басылмалар ырастагандай, муну менен чалгын маалымат булагына коркунуч келген.

АКШ өкмөтү муну жалган деп четке кагууда. Басылмаларда айтылгандай, жашыруун маалымат Американын өнөктөштөрү тарабынан маалымат алмашуу келишими боюнча сунушталган экен. Трамп тарабынан анын ачык айтылышы анын булагын жана маалыматты чогултуу ыкмасын ачыкка чыгарып коюшу мүмкүн деп жазды New York Times.

Washington Post болсо, бул маалыматтарды жашыруун сакталашы өтө маанилүү болгон дейт. Ал тургай АКШнын өнөктөш өлкөлөрүнө да көрсөтүлгөн эмес. Ак үйдө болсо маалымат тууралуу тар чөйрө гана билген.

Эки басылма тең Дональд Трампка сын көз менен карап келгени белгилүү. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда аталган басылмалар Хиллари Клинтонду колдоого алышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча президенттин кеңешчисинин орун басары Дина Пауэлл дагы жогоруда сөз болгон жолугушууга катышкан. Анда жашыруун маалыматты Трамп ачыкка чыгарып жиберди деген сөздөр жалган деди ал.

Муну Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси генерал Герберт Макмастер дагы айтып чыкты. "Мен бул сүйлөшүүгө катыштым. Эч кандай андай нерсе болгон жок",-деди ал.

"Президент жана Орусиянын Тышкы иштер министри террордук уюмдардын жалпы коркунучу жана бул коркунучту аба чабуулдары аркылуу жок кылуу тууралуу пикир алмашты,-деди Макмастер Ак үй алдына чогулган журналисттерге. -Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чалгын кызматынын жашыруун маалыматтары тууралуу, аскердик операцияларды ачыкка чыгарган бир да маалыматтар айтылган жок".

АНАЛИЗ

Энтони Зуркер, Би-би-си, Вашингтон

Бул окуянын арты олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Буга чейин республикачылар тарабынан Хиллари Клинтондун дарегине жашыруун маалыматтарды ээн ооздук кылып айтып жиберет деген сындар айтылып келгени бар. Бирок кеп анда деле эмес. Бул жерде, албетте, Орусия менен байланыш тууралуу дагы кеп жатат. Учурда Федаралдык коопсуздук кызматы Трамптын шайлоо кампаниясынын Москва менен байланышы болушу мүмкүн деген божомолду иликтеп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Флинндин кызматтан кетишине себеп болгон жагдайда анын орус элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуусу катуу сөз болгон. Орусия менен байланыш болушу мүмкүн деген иликтөө Башкы прокурор Жеффа Сешнстин өз ыктыяры менен кызматтан кетишинин себептеринин бири эле.

Эми Президент жашыруун маалыматтарды берген булактарды коркунучка кептеген кырдаалда Американын өнөктөштөрүндө сыр маалыматтарды бөлүшүү каалоосу болот болду бекен деген суроо жаралат. Бул эми Трамптын сынчыларынын чырагына май тамызып, президентти тартипсиздиги, сырткы саясаттагы тажрыйбасыздыгы, анын ар дайым коркунучка кептеген чорт мүнөзү тууралуу сындаганга негиз берип койгонсуду.

Трамптын атайын кызматтар менен жаңжалдашканын дагы эстен чыгарбоо керек. Орус министри менен жолгушуудан бир апта өтпөй бул оңтойсуз окуя басылмаларга чыгып кетти. Эгер бул АКШ Президенттинин артынан бычак уруу ниетинде болгон болсо, анда ал кайсыл тараптан келгенин аңдоо кыйын деле эмес. (AbA)

Тектеш темалар