Украина "ВКонтакте", "Яндекс" жана "Одноклассникиге" бөгөт коюну чечти

ВКонтакте Сүрөттүн автордук укугу SERGEI KONKOV/TASS

Украина бийлиги орусиялык копанияларга каршы санкция киргизди. Анын ичинде Mail.Ru Group холдингине кирген "ВКонтакте" жана "Одноклассники" социалдык тармактары жана "Яндекс" бар. Бул тууралуу жарлык украин Президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Интернет-провайдерлерге бул интернет-ресурстарга жана ABBYY электрондук сөздүгүн басып чыгарган сайттарга, "Каспердин Лабораториясы" жана DrWeb антивирус компанияларына бөгөт коюу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле санкциялар РБК, "ТВ Центр", ВГТРК, "НТВ Плюс", ТНТ жана "Звезда" телеканалдарынын көрсөтүлүшүнө тыюу салып, активдерине бөгөт койот.

Президент Петр Порошенконун жарлыгына ылайык, эми жалпысы болуп "кара тизмеге" 1228 киши жана 468 компания киргизилди.

Бул жолу санкцияга депутаттар Алексей Журавлев ("Бирдиктүү Орусия"), Владимир Родин, Владимир Бессонов, Александр Куликов (КП), Алексей Диденко (ЛДП), Михаил Брячак жана Олег Пахалков ("Акыйкат Орусия") кирди деп билдирет РИА Новости агенттиги.

Украинанын Ички иштер министрлиги февралдын ортосунда эле орусиялык "ВКонтакте" жана "Одноклассники" социалдык тармактарына бөгөт коюга чакырган эле.

Ички иштер министринин кеңешчиси Зорян Шкиряктын айтымында, бул ресурсстар "орусиялык атайын кызмат тарабынан көмөлдөнүп, башкарылат".

"Газета.ру" сайты Gemius аналитикалык компаниясынын маалыматтарына таянып, "ВКонтакте" тармагынын Украинада 5,4 млн колдонуучусу бар экенин, ал эми "Одноклассникини" 3 млн киши колдонорун жазды.

Бул социалдык тармактар Украинадагы эң көп колдонуучулар кирген интернет сайттары эсепетелет. (AbA)

Тектеш темалар