Пикассонун белгилүү эмгеги 45 миллион долларга сатылды

"Көк көйнөк кийип олтурган аял" Сүрөттүн автордук укугу AFP

Пабло Пикассонун "Көк көйнөк кийип олтурган аял" деп аталган белгилүү эмгеги Нью-Йорктогу аукциондо 45 миллион долларга сатылды.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аталган сүрөттү нацисттер алып кетишип көп өтпөй эле кайтарылган. Немистер сүрөттү алып Парижден Моравияны көздөй багыт алып бараткан учурда француздардын Каршылык көрсөтүү армиясына туш болуп калышып, шедевр кайтарылган экен.

Сүрөттө Пикассонун көңүлдөшү Дора Маардын элеси чагылдырылган. Экөөнүн ортосундагы мамиле тогуз жылга чейин созулган. Пикассо бул эмгегин 1939-жылы 58 жашында жараткан. Ал учурда анын сүйгөнү 31 жашта болгон.

Бул сүрөтчүнүн калтырып кеткен живопись мурастарынын эң бир маанилүүлөрүнүн бири эле. Аталаган сүрөттү мындан алты жыл мурун 26 миллион долларга сатышкан болчу.

2015-жылы Пикассонун "Алжирлик аялдар" эмгеги аукциондо 179 миллион долларга бааланган. Бул каритинкаларды саткан соодадагы эң жогорку нарк эсептелет. (AbA)