Мексикада баңгизат соодасы боюнча жазып жүргөн журналистти атып кетишти

журналист Хавьер Вальдес Сүрөттүн автордук укугу AFP

Баңгизат соодасы боюнча макалалары менен белгилүү мексикалык журналист Хавьер Вальдести дүйшөмбү күнү өзү жашап иштеп жүргөн Синалоа штатындагы Кульякан шаарында атып кетишти.

Вальдести өзү негиздеген басылманын редакциясы жайгашкан имараттын каршылаш тарабындагы жерде атышкан.

2011-жылы журналист баңгизат соодасы боюнча көйгөйлөрдү чагылдырган эмгеги үчүн Журналисттерди коргоо комитетинин сыйылыгын алган. Ал өзүнүн 30 жылдык журналисттик карьерасында Мексикадагы баңгикартелдеринин жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн иликтеп келген. Анын ичинде Синалоанын кубаттуу баңгикартелдерин дагы иликтеп, макалаларды жазган. Болжолу бул баңгикартели аркылуу Мексикадан АКШга келген баңгизаттардын чоң көлөмү өтүп турган.

Бул картелдин негиздөөчүсү «Коротышка» деген каймана аты менен белгилүү болгон мексикалык наркобарон Хоакин Гусман 2014-жылы кармалып, АКШдагы абак жайында соттук териштирүүнү күтүп олтурат.

Мексика Президенти Энрике Пенья Ньето журналисттин өлүмүн айыптады. Синалоа штатынын бийлиги Вальдестин үй-бүлөсүн жана кесиптештерин кайтарууга аларын билдирди. Мексикада март айында баңгизат соодасы боюнча жазып жүргөн журналист Мирослава Брич өлтүрүлгөн эле.

1992-жылдан бери Мексикада кеминде 40 журналсит өлтүрлдү. Алардын көпчүлүгү ырайымсыз кыйноолор менен өлтүрүлгөн дейт өлкөдөгү Журналисттерди коргоо комитети. (AbA)