Орусиянын кайсыл аймагынан арзан батир тапса болот?

батир Сүрөттүн автордук укугу SVETLANA HOLYVCHUK/INTERPRESS/TAS

Москва, Тува жана Алтайда батир сатып алуу Орусиянын башка чөлкмөдөрүнө салыштырганда кыйын дейт РАНХиГС эксперттери. Аталган аймактарда бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн он жыл боюу иштеген айлыгыңды чогултушуң керек болот. Ал эми ижара акысына айылыгыңды дээрлик жарымы кетет.

Батир табуу же сатып алуу Орусиянын дал ушул - Москва, Тува жана Алтай аймагында абдан кыйын маселе деп айтылды Орусиянын эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын (РАНХиГС) жана Е.Т. Гайдар атындагы Экономикалык саясат институтунун эксперттери түзгөн "Орусиядагы экономикалык кырдаал боюнча мониторингинде".

Докладдын авторлорунун эсептөөсүндө бул чөлкөмдө үй же батир сатып алыш керек болсо айлыгыңды үнөмдөп чогултсаң он жылдаган өмүр өтөт.

Эксперттер тургундардын орточо кирешесин жана бир бөлмөлүү аянты 35 кв. м. батирдин орточо баасын эсептешкен. Алар ошондой эле аймактардагы күнүмдүк керектөөлөрдү эсептеп чыгышкан.

Эксперттердин эсептөөсүндө, Москвадан бир бөлмөлүү батир алыш үчүн акчаны он жыл чогултуу керек. Тувада 9,7 жыл, Алтайда сегиз жыл чогултуу керек. Аннексияланган Севастополь орусиялык шаарлар менен аймактарды артка таштады. Бул жерде бир бөлмөлүү батир алыш үчүн айылыгыңды 12 жыл топтош керек болот.

Салыштырмалуу оңой батирди же үйдү Ямало-Ненецк автоном аймагынан тапса болот, ошондой эле, Смоленск, Магадан областарында үч жыл чогултсаң үй алып аласың. Дагестанда төрт жыл чогултуш керек. Бирок бул жерде ижара акысы өтө эле кымбат.

Орусияда бир бөлмөлүү батир алыш үчүн болжолу тапкан айлыгыңды 5,2 жыл чогултушуң керек дейт иликтөө жүргүзгөн эксперттер.

Өлкөдө орточо эсеп менен алганда бир бөлмөлүу батирдин ижара акысы айлыктын 40 пайызын түзөт. Москвада деле батирге төлөнгөн ижара болжолу ушундай эле.

Тула облусунда, Тува, Түндүк Кавказ аймактарында ижара акысы орточо айылыктын 50 пайызын түзөт. Новгород, Саратов облустарында жана Краснодар аймагында ижара акысына дээрлик айылыктын жарымы кетет.Салыштырмалуу Магадан жана Тюмен облустарында батирдин ижара акысы арзан. (AbA)

Тектеш темалар