Уйкунун сырткы келбетке таасири

Уйкунун сырткы келбетке таасири Сүрөттүн автордук укугу MILANMARKOVIC/GETTY IMAGES

Швед окумуштуулары жетиштүү уйку бир гана ден-соолукка эмес сырткы келбетке да пайдалуу болорун аныкташты. Чала уктаган кишилер башкаларга анчейин жагымдуу көрүнүшпөйт. Ошондуктан кишилер алардын кебетесин карап туруп, өздөрүн алардан оолак кармап, баарлашуудан кадимкидей качышат.

Көзүңдүн алды шишип, чарчаңкы турсаң, башкалар сиз менен жолугуудан эч себепсиз эле качып турушат дейт шведдик иликтөөчүлөр.

Эксперимент

Экспериментке кыздар жана балдардан 25тен студент катышты. Волонтерлорду үйүнө денедеги кыймылдарды байкоого алган атайын жабдыктар менен жөнөтүштү. Ал жабдыктар эксперимент талап кылган шарттарды туура аткарганын көзөмөлдөйт.

Башында аларга эки түн катарынан жакшылап уктап алуу тапшырмасы берилди. Бир аптадан кийин эки сутка ичинде болгону төрт сааттан ашпаган убакыт уктоону талап кылышты. Эки учурда тең волонтерлорду эрте менен сүрөткө тартып алышкан.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Уйкунун сырткы келбетке таасири барбы?

Андан кийин окумуштуулар бул сүрөттөрдү Стокгольмдун 122 тургунуна көрсөтүп, сүрөттөгүлөрдүн кимиси келбеттүү көрүнөт, кимисинин ден-соолугу чың, кимге ишенсе болот деп суроо салышкан.

Ошондой эле "Бул сүрөттөгү киши менен жолугушууга макул болот белеңиз?",- деп сурашкан.

Сурамжылоого катышкандар күтүүсүз жана оңой эле сүрөттөгү чарчаңкы көрүнгөн чала уктаган волонтерлорду аныктап алышты. Сүрөттөгү аз уктаган студенттер сырттан караганда анчейин жагымдуу көрүнүшпөй турганы да түшүнүктүү болду. Сурмажылоого катышкандар алар менен жолугуудан бир аз чочулашып, ден-соолугунан да күмөн санашкан.

"Байланыштан качуу"

Стокгольмдагы Каролин институтунун иликтөөчүлөрү мындай абалды эволюциялык көз караш менен караганда логикалуу эле деп эсептешет.

"Чарчаңкы, оорукчан көрүнгөн жүздөр анын себеби кандай болгонуна карабастан, балким аз уйку же башка себептери бар экенине карабай башкалардын өзүн коргоо инстинктин козгоп, байланышуудан качууга түртөт",-деп айтылат иликтөө докладында.

Башкача айтканда, кишилер оорукчан кишинин жанында турганды каалашпайт. Энергиялуу жана шатыра-шатман көрүнгөн кишилер башкаларды көбүрөөк өзүнө тартып турат.

Бирок иликтөө тобунун жетекчиси доктор Тина Сунделин муну өтө эле драмалаштырып, боек сүртүп салбоого чакырды.

"Көпчүлүк кишилер чала уктаган күндө деле эч кандай мындай көйгөйгө туш болушпайт",-деди ал.

Ливерпуль университетинин психологу, доктор Гейл Брюердин айтымында, "кишинин сырткы көрүнүшүнөн баалоо көбүрөөк аң-сезимибизге байланыштуу".

"Муну менен биз кимдир бирөө чарчап турабы же оорулуубу аны майда белгилерден да аңдап алууга жөндөмдүүбүз",-дейт ал.

"Биз өнөктөшүбүз ден-соолугу чың, энергиялуу болсо деп каалайбыз. А бул иликтөө уйку канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салууда",-деп кошумчалады Брюер. (AbA)

Тектеш темалар