Конгресс ФБРден Коми менен Трамптын жаздырылган сүйлөшүүсүн талап кылды

Америкалык басылмалар Трамп Орусия менен байланыштары боюнча суракка алынган улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин үстүнөн иликтөөнү токтотуу тууралуу Комиден суранган деп жазууда. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Америкалык басылмалар Трамп Орусия менен байланыштары боюнча суракка алынган улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин үстүнөн иликтөөнү токтотуу тууралуу Комиден суранган деп жазууда.

New York Times басылмасындагы макаладан кийин АКШ Конгресси Федералдык коопсуздук бюросунан Президент Дональд Трамп менен коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Жеймс Коминин жолугушуусундагы жаздырылган сүйлөшүүнү алып келүүнү талап кылды.

Эл өкүлдөр палатасынын мамлекеттик реформа жана көзөмөл комитетинин жетекчиси республикачыл Жейсон Чаффетс тарабынан жолдонгон катта тиешелүү документтер 24-майга чейин көрсөтүлүшү керектиги айтылган.

Америкалык басылмалар Трамп Орусия менен байланыштары боюнча суракка алынган улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин үстүнөн иликтөөнү токтотуу тууралуу Комиден суранган деп жазууда. Ушундан кийин гана Конгресс ФБРге кайрылды.

Ак үй айыптоону четке какты. "Ал учурда президент бир нече ирет генерал Флинн татыктуу киши экенин, өлкөгө көп жыл кызмат кылып, коргогону тууралуу белгилегени бар. Президент эч качан Жеймс Комиден же башкалардан кандайдыр бир иликтөөнү, анын ичинде генерал Флиннге байланыштуу иликтөөнү токтотууну суранган эмес",-деп айтылат Ак үй тараткан маалыматта.

"Бул жөнүндө унут"

New York Times басылмасындагы маалыматка ылайык, Коми президент менен жолугушууларын жана сүйлөшүүлөрүнүн баарын документтештирип жүргөн. Флинндин отставкасынын эртеси күнү Коми кезектеги Трамп менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык кат түзгөн. Басылманын маалыматына караганда, дал ушул документте Трамп Комиге "Филинн менен болгондордун баарын унут" деп суранганы жазылган.

Мындай кат бар экени тууралуу Си-эн-эн телеканалы дагы кабарлап, бирок ал дагы анонимдүү булакка шилтеме берди.

Конгресстин билдирүүсүндө, эгерде мындай кат чыны менен болгон болсо, анда Трамп ФБРдин Флиннге карата иликтөөсүнө тоскоол кылып же таасир этип койгон жокпу деген суроону жаратат деп айтылат.

Майкл Флинн февраль айында улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматынан кеткен. Анын кызматын таштап кетүүсүнө орус элчиси Сергей Кисляк менен жолугушканын жашырып койгону себеп болгон эле.

Федералдык коопсуздук бюросунун жетекчиси Жеймс Коми директорлук кызматтан 10-майда бошотулду. Президент өзүнүн чечимин Коми бул кызматка эми жарабайт деп түшүндүргөн болчу.

Оппозиция президенттин чечимин сынга алып, Трамп мындай аракети менен Коми жетектеп жаткан анын шайлоо кампаниясынын Орусия менен байланыштары тууралуу иликтөөсүнө таасир этүүдө деп айыпташкан. (AbA)

Тектеш темалар